Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:29

Китеп чыгаруу той деңгээлине түштү


Китеп базары
Китеп базары

Кыргызстанда жарык көргөн китептердин нускасы беш жүздөн ашпайт. Илимий эмгектер отуз, кырк даанадан гана басылат. Акыркы жылдары массалык нуска менен жарык көргөн көркөм адабият дээрлик болгон эмес. Адистер анын себебин китеп окурмандар аздыгынан жана чыккан китептерди таратуу чоң көйгөй экендигинен көрүшөт.

Китеп палатасынын улуттук библиография бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Даутова акыркы кездерде жарык көрүп жаткан китептер канча нуска менен чыгып жатканын санап берди:

- Мисалы, азыр менин колумда Каныбек Иманалиевдин “Тагай бий” деген китеби турат. Нускасы беш жүз экен. Омор Султановдун чыгармалар топтомунун төрт томдугу 300 нуска менен жарык көрүптүр. Союз убагында көркөм адабият эки миң нуска менен чыкса, ал өтө аз деп эсептелчү. Ал элге жетпей калар эле. Азыр авторлор китептерин өздөрү каржылап, эң эле көп дегенде 500 нуска менен чыгарып калышты. Көркөм адабият миң нуска менен чыкпай деле калды. Ошол 500 нуска китепти таратыш да өтө чоң көйгөй.

“Улуу тоолор” басмаканасында иштеген Анара өздөрү чыгарган китептердин саны авторлордун жеке каалоосуна жана каражатына байланыштуу болорун айтып, учурда той-топур үчүн да китеп чыгарып калгандар бар экенин кошумчалады:

- Авторлор канча нускада чыгаргысы келсе, биз алардын буйругун аткарабыз. Илимий китептер негизинен өтө аз нускада чыгат. Алар отуз, кырктан баштап жүз даанага чейин жарык көрөт. Ал эми адабий китептер болсо эки жүздөн ашык нускада жарык көрөт. Автордун буюрутмасына жараша. Айрымдар мааракеге байланыштуу тойдо таратабыз деп, конокторунун санына жараша чыгарып кетишет. Кээ бирөөлөр сатык үчүн беш жүздөн, миңден чыгарышат. Бирок миңден чыккандар сейрек.

Маектешибиз учурда кээ бир таанымал жазуучулардын китептери узак мезгилге чейин өтпөй турганын кошумчалай кетти:

- Бизден 2014-жылы Чыңгыз Айтматовдун сегиз томдугу орус жана кыргыз тилдеринде чыккан. Ал китеп азыр деле бар. Миң нуска менен Зуура Сооронбаеванын чыгармалар топтому да чыккан. Алар эки жылдан бери өтүп бүтө элек.

Акыркы жылдары өкмөттүн каражатына Тил комиссиясы менен Илимдер академиясы тилди өнүктүрүү боюнча Улуттук программанын негизинде бир нече китепти басып чыгарды. Улуттук илимдер академиясы жакында эле бул долбоордун алкагында өздөрү отуздан ашык китеп чыгарганын маалымдады.

Мамлекеттик “Кыргыз китеп” ишканасынын директору Талант Ормушев ал китептердин нускасы да беш жүздөн ашпаганын белгиледи.

- Бөлүнгөн каражат ошол китептердин канча нуска менен чыкканына ылайыкталган. Маданият министрлигине деле ошондой тапшырма берилген. Биз ал китептердин нускасын миңге көтөрөлү, 1200дөй китепкана бар, аларга бирден берели дегенбиз. Алар "өкмөттүн буйругу бар, ошону аткаргыла" дешкен. Биз ошону эле аткарып жатабыз. Буга өкмөт өзү чечим чыгарбаса эч ким өзгөртө албайт. Ошол эле учурда китептерди көбүрөөк чыгарып алсак алар өтпөй калат экен.

Менин "Кыргыз китепке" директор болуп келгениме бир жыл болду. Ушул убакытка чейин бир дагы тууганым же досум "баланча деген китепти таап берчи" деп келген жок. Эгер бензин саткан киши болсом анда "он литр май куюп берчи" деп сурангандар болмок.
Талант Ормушев

Ормушев китептердин нускасы элдин талабына жараша болорун кошумчалады:

- Менин "Кыргыз китепке" директор болуп келгениме бир жыл болду. Ушул убакытка чейин бир дагы тууганым же досум "Талант, сен ушул жерде иштеп жатыпсың, мага баланча деген китепти таап берчи" деп келген жок. Эгер мен базарком же бензин саткан киши болсом анда "жок дегенде он литр бензин куюп берчи" деп сурангандар болмок.

Окумуштуулар ар бир элдин эки пайызы көркөм адабий китептерди окуса, окууга муктаждыгы болсо, ошол адабият жоголбой турганын айтып келишет. Адабиятчылар андай болгон күндө өлкөдөгү үч миллион кыргыз тилдүү калктын эки пайызы 60 миң киши болорун, демек чыккан жана сатылган китептердин нускасы 10 миңден жогору болушу керектигин айтып келишет.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG