Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:57

Медакадемиядагы чыр чекистти иштен кетирди


Өз ыктыяры менен кызматтан кеткен Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Бөкөнбай Казаков.
Өз ыктыяры менен кызматтан кеткен Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Бөкөнбай Казаков.

Аскер прокуратурасы пара алууга шектелген Медакадемиянын аппарат жетекчисин өлүмгө дуушар кылган атайын операция боюнча кылмыш ишин козгоду.

Буга байланыштуу жүрөгү кармап калган пара алууга шектелүүчүнү кармоого катышы бар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке караштуу Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын оперлеринин жоопкерчилиги каралууда.

Ошол эле кезде атайын кызматтын төрага орун басары, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Бөкөнбай Казаков өз ыктыяры менен кызматтан кетти.

Адам өлүмүнө алып келген тинтүү

Кыргызстандын аскер прокуратурасы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке караштуу Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жакында болуп өткөн Медакадемиядагы атайын операциясынын мыйзамдуулугу боюнча текшерүү жүргүздү.

Быйыл 26-февралда Медициналык академиянын 62 жаштагы аппарат жетекчиси Абдыкерим Гапаровду пара менен кармоо операциясы жүргүзүлгөнү кабарланган. Арызданган жаран окуу жайдын аймагында жайгашкан соода күркөсү үчүн Гапаров андан 30 миң сом талап кылганын айтып даттанган. Эки күндөн кийин Абдыкерим Гапаров иш бөлмөсүндө 30 миң сомду пара алып жаткан маалда колго түшүп, бирок жүрөгү кармап каза болгон. Медакадемиянын жамааты жана жакындары каза тапкан аппарат жетекчисине күч колдонулган жана ага өз убагында медициналык жардам көрсөтүлгөн эмес деп нааразы болушууда.

Медакадемиянын каза болгон аппарат башчысы Абдыкерим Гапаров
Медакадемиянын каза болгон аппарат башчысы Абдыкерим Гапаров

Башкы прокуратуранын маалымат борборунун өкүлү Алманбет Абдраманов буга катышы бар оперативдүү кызматкерлерге карата "ыйгарым укугунан аша чабуу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгонун ырастады:

- Аталган кылмыш фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренесинин негизинде иш козголду. Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө амалдары башталды.

“Аңтарылган операция”

Атайын кызматтын билдиришинче, 24-февралда “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “опузалап пара талап кылуу” деген айыптоонун негизинде Медакадемиянын 62 жаштагы аппарат жетекчиси Абдыкерим Гапаровго кылмыш иш козголгон.

​- Пара талап кылып жатат деген арыз түшкөн учурда укук коргоо органдары анын ичинде атайын кызмат дагы тез арада чара көрүүсү керек. Бирок пара алуучун кармоо иш-чарасы алдын ала даярдалууга тийиш.
Марат Иманкулов

Бирок парага шектелген жетекчини кармоо учурунда тиешелүү тобокелчиликтер эске алынбай калганы белгилүү болду. Анын кесепетинен улам кармоо учурунда пара алууга шектелген адамдын саламаттыгы чукулунан начарлап, ал ошол жерден көз жумган. Буга байланыштуу Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Бөкөнбай Казаков кызматынан кетти.

Президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов мамлекет башчысы аны кызматтан алуу жарлыгына кол койгонун белгиледи:

- Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орун басарынын рангындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Бөкөнбай Казаковду өз ыктыяры менен берген арызынын негизинде кызматынан алуу тууралуу буйрукка кол койду.

Буга чейин Медициналык академиядагы адам өлүмү менен аяктаган окуяны прокуратура органдары милиция менен биргеликте текшере баштаган болчу. Анда пара алууга шектелген адамга карата күч колдонуу жана анын жүрөгү кармап калганда өз учурунда медициналык жардам көргөзүлбөй калган жагдайларды иликтөө жагы тапшырылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрага орун басары Марат Иманкулов пара алуучуну кармоо операциясы кылдат иштелип чыгышы керек болчу деген пикирде:

Марат Иманкулов
Марат Иманкулов

- Пара талап кылып жатат деген арыз түшкөн учурда укук коргоо органдары анын ичинде атайын кызмат дагы тез арада чара көрүүсү керек. Бирок пара алуучуну кармоо иш-чарасы алдын ала даярдалууга тийиш. Тиешелүү техниканын бардыгын пайдаланып, анын пара алганын толук тастыктай тургандай болушу керек. Анан кийин соттон парага шектелүүчү чыгып кетпегендей болушу керек. Анан пара алууга шектелүүчүнүн жаш өзгөчөлүгү, саламаттыгынын абалы, анын кимдиги жана алдыда кандай тобокелчиликтер бар экени алдын ала иликтенип чыгышы зарыл эле. Жүрөгү ооруй баштаганда ал адамды дагы кармап отура бериштин кажети жок болчу. Тез жардам чакырып, аны тез арада дарыгерлерге көргөзгөндө мүмкүн аман калмак беле. Пара менен кармалган адамдын ишин андан кийин деле документтештирүү оңой эле.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орун басар рангындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Бөкөнбай Казаковдун ордуна Улан Исраилов дайындалганы белгилүү болду. Ал мурун президентти күзөт кызматында иштеп, андан кийин Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмүн жана ИИМдин 7-башкы башкармалыгын жетектеп турган.

XS
SM
MD
LG