Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:18

Абайла: авточөнтөкчү!


Кыргызстанда “Барсеткачылар” деген кылмышкерлер тобу күч алды. Алар машиненин ичинен акча уурдоо менен шугулданат.

Ушул жылдын 7 айында Бишкекте ушундай 10 факт катталган.

Менчик фирмада иштеген Каныбек Алчыкеев өткөн жылдын декабрь айында 53 миң долларын машинесинен уурдаткан. Ал банктан акча алып, жолдо баратканда ушундай окуяга туш болгонун айтып берди.

- Эркиндик көчөсү менен түшүп баратсам эле машинемдин дөңгөлөгү жарылгандай болду. Арткы дөңгөлөк жарылыптыр. Эки жагымды карасам, эч ким деле жок болчу. Сумканы алдыңкы отургучтун алдына койгом, ичинде акча бар эле. Дөңгөлөктү алмаштырып, келип отурсам эле ичинен акча уурдалыптыр.

Бул факт боюнча иш козголуп, Каныбекти тартип коргоо кызматкерлери "иштин бетин ачууга аз калды" деп сүйүндүрүп жатыптыр. Ошол өткөн жылдан бери ушундай кылмышка шектелген эки топ кармалып, иш тергелип жатат.

Ушул жылдын 7 айында Бишкекте машинеден акча уурдалган 10 факт катталды, анын алтоо тергелип жатат. Баары окшош болгондуктан кылмыш иликтөөчүлөр муну өз арасында “барсетка кылмышы” деп атап алышкан.

Мүлккө байланыштуу кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Бек Бектенов кылмышкерлер тобу бир нече адамдан турат дейт:

- Булар светофордон болобу, же үйүнө жеткен жерден болобу, бир нерсе сурамыш болуп же орусча түшүнмөксөн болушат. Бирөө алагды кылып, экинчиси артынан, же машиненин капталынан келип 10-20 секундда жула качат, айдоочу дайым рулда болот.

Кылмышкерлер тобу тез качып кетүү үчүн катуу жүргөн машинелерди айдашат. "Мындай кылмыш түрү акыркы учурларда пайда болуп жатканынын себеби, Кыргызстанда банк аркылуу акча которуу же акча алмаштыруу көп болуп калгандыктан" дейт изкубар.

Ал эми унаа ээлери өздөрү эмне дейт? Бир катар айдоочуларга микрофон сундум.

Эдик: Азыр турак үйлөрдүн алдынан, короолордон айнегин талкалап көп уурдап жатышат.

Исламбек: Сумкаңды, телефонду машинеде калтырбаш керек. Ачык таштабаш керек, ар кандай адамдар бар.

Мурат: Машинаңды 1-2 саат таштап койсоң байкаган кишилер бар, айрымдары бир сутка калтырып койот, аны байкап турушат да. Керек болсо дөңгөлөгүңдү чечип кетет, "өкмөт карабайт, милиция карабайт" дебей өзүңө тың болуш керек.

Улан: Мисалы, Комсомол көлү, Пионер көлү кароосуз, ал жакта машинанын кулпусун бузушат.

Алмаз: Чыгып баратканда эң негизгиси документтерди алыш керек. Мисалы, машинаңды уурдап кетсе, ичинде документтер болсо...

"Машинеден акча уурдаган кылмышкерлердин бети ачылат, аныктап бүткөндө "Азаттыкка" кабарлайбыз" деп убада беришти кылмыш иликтөө кызматкерлери.

XS
SM
MD
LG