Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:31

Виза көйгөйү: элчиликти күзөткөн студенттер


Кытай элчилигинин алдында турган студенттер.
Кытай элчилигинин алдында турган студенттер.

Кытайга окууга бараткан кыргызстандык студенттерге виза ачтырууга бир айлык мөөнөт берилди. Өткөн жылы Кытай виза берүү тартибин катаалданткан эле. Ушул тапта кезекке турууга ашыккан студенттер элчилик алдында түнөп калууга да кайыл.

Кытай элчилиги виза ачууну дүйшөмбү күнү баштады. Аты-жөнүн атагысы келбеген жигит жекшемби күнү элчиликтен обочо жерде унаада түнөп, таң заардан кезекке турууга чуркаган. Мектепти быйыл гана аяктап, чет өлкөдө окууга барууга дилгирленип турган жигит визага жетүү үчүн азыр баарына кайыл болуп турган чагы:

- Кезекке илининип калайын деп бир күн эрте келдим. Башка айла жок. Эртелеп орун ээлеп алайын деп түнкү ондо келсем менин алдымда беш киши бар экен. Жарым саат өтпөй эле отуз адам болуп калдык.

Шанхайда кафе иштеткен Эламан

Шанхайда кафе иштеткен Эламан

Кытайга билим алууга барган чет өлкөлүк студенттерге виза менен окуусунан тышкары кошумча жумушта иштөөгө тыюу салынган.

Арген сыяктуу эле элчиликтин алдында күндүн аптабына чыдабай көлөкөдө корголоп тургандар жүздөн ашат. Арасында уул-кыздарынын ордуна кезек кайтарган ата-энелер да кездешет. Алардын бири Каныбек Таабалдиев Кытайдын Ланчжоу шаардык университетине жеңилдик менен окууга өткөн кызы окуусуна үлгүрбөй калабы деп кооптонуп турган мезгили:

- Оштун Алайынан келдим. Бишкекте мейманканалар кымбат, унаамда түнөп жүрөм. Анан да элчиликтин тегерек четине унаа токтоттурбайт экен. Аргасыз Военно-Антоновкага токтотуп коюп уктап атабыз. Азыр 205-болуп тизмеге илиндик. Сурасам эки жумадан кийин киресиңер дейт. Виза эки жумада колго тийгенде деле кызым кечигип калчудай болуп турат. Ага карабастан кезерип күтүп жатабыз.

Баарынан да мамлекеттик грантка ээ болуп, Кытайда бекер окууга мүмкүнчүлүк алган студенттер тынчсызданып турган кези. Алар окуу жылы башталаары менен барып калбаса, жеңилдиктерден кол жууп калуулары мүмкүн. Анын үстүнө алардын визанын айынан кечигип жатканын окуу жайлар түшүнбөй деле коюшу ыктымал деп кооптонуп турушат.

Бишкектеги Кытай элчилиги.
Бишкектеги Кытай элчилиги.

Мындан улам окуулары үзгүлтүккө учурап калабы деп чочулаган студенттер Тышкы иштер министрлигине кайрылышкан. ТИМдин консулдук кызмат департаментинин паспорт-виза бөлүмүнүнүн башчысы Бакыт Кадыров бул маселе боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин Кытай тарап визага кабыл алуу үчүн кошумча бир саат бөлүп бергенин билдирди:

- Кытайда билим алып жаткан студенттер август айынын башында министрликке кайрылышкан. Кайрылуунун негизинде Кытай элчилиги менен жолугушууларды өткөрдүк. Анын натыйжасында Кытай тарап кабыл алуу убактысынан тышкары кыргызстандык студенттерге бир саат кошумча убакыт бөлүп берди.

Бөлүнгөн кошумча бир саатка карабастан элчиликтин алдында узун кезекте турган студенттердин аягы суюла элек. Ошол эле учурда Кытайга аттангандарга электрондук кезекке туруу укугу да берилген. Бирок электрондук кезектердин басымдуу бөлүгүн туристтик фирмалар алдын ала ээлеп алышкан.

Электрондук тизмеде өз кезегин күтүп тургандар деле бул системада ар кандай кемчиликтер болуп жатканын белгилешет. Нанкин шаарында магистратурада окуп жаткан Элчибек Түркбаев быйыл келинчеги менен кетмек. Бирок убактысы тартыш болгондуктан тизмеде алдыга жылуунун көмүскө жолун пайдаланганга аргасыз болгонун айтат:

- Керектүү документтерди тапшыргандан кийин электрондук кезекке турасың. Бирок кезек келе элек деп эле сени чакырышпайт. Тескерисинче артка жылып кетесиң. ТИМде, элчиликте таанышы барларлар сенин алдыңда туруп калышат экен. Ал кызматы үчүн акча алышат экен. Болбосо атың чыкпайт. Себебин сурасаң, бир жери туура эмес же кезекти күтүңүз дешет. Ашыкча сүйлөшпөйт. Менде деле башка вариант болбоду да. Эптеп кетип калайын деп, 150 доллардын көзүн карабай бердим. Аны кайындарым таап берди. Өзү ТИМде иштейт экен.

ТИМдин консулдук кызмат департаментинин паспорт-виза бөлүмүнүнүн башчысы Бакыт Кадыров мындай көрүнүштү четке кагып, электрондук визага министрликтин кызматкерлери кийлигише албастыгын белгиледи.

- ТИМ кызматкерлеринин эч кандай тиешеси жок. Электрондук кезекти Кытай тарап көзөмөлдөйт. Мындай учурда бизге арыз менен кайрылышса болот. Эгер фактылар бар болсо жетекчилик чечет.

Эске салсак, былтыр 30-августта Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинде жанкечти жардыруу жасап, өзү набыт болуп, андан элчиликтин үч кызматкери жаракат алган. Бул окуядан кийин Кытай тарап кыргызстандыктарга виза берүүнү убактылуу токтотуп койгон болчу. 2017-жылдын 1-январынан тарта Кытай чет элдиктерге виза берүүнү катаалданткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекзат Бектурган

    Бекзат Бектурган  "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти.  

XS
SM
MD
LG