Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:39

Балдар жайкысын кантип эс алат?


Кыргызстандын жайлоолорунун бириндеги балдар
Кыргызстандын жайлоолорунун бириндеги балдар

Мындан 10-20 жыл мурда, дээрлик ар бир каникулда балдар лагерге барып эс алышы керек деген түшүнүк калыптанган эле. Ал эми азыр өспүрүмдөр үчүн кандай лагерлер кызмат кылат жана алардын кандай артыкчылыктары бар?

Кыргызстанда балдар жайкысын лагерге барышабы? "Азаттык+" бул жолу ушул темада берүү даярдады.

Кыргызстанда 5 жаштан 17 жашка чейинки балдардын саны 1,5 жарым миллионго чукул. Алардын көпчүлүгү жогорудагы үй-бүлөнүн балдарындай жайкы каникулду лагерге барбай өткөрүшөт. Ар кандай уюмдар, кайрымдуулук фонддору мындай жайкы лагерден кабары жок балдарды, 20-30дан топтоп Ысык-Көлгө эс алдырып келет. Бирок алар эс алууга муктаж жүздөгөн балдардын көйгөйүн чече албасы турган иш. Бири чаңы сапырылган “көчө лагеринде” жайкы эс алуусун өткөрсө, экинчиси мээ кайнаткан ысыкта шаардын четиндеги кир көлмөлөрдө сууга түшөт.

Балдар кантип эс алат?
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:58 0:00

Кыргызстан боюнча жыл сайын 600дөн ашуун мектеп лагерлери иш алып барат, маселен, Бишкекте алардын саны быйыл 44кө жеткен. Ар бир мектеп лагеринде ар бир балага сарпталган каражат 44 сомду түзөт. Быйылкы жылы мектеп лагерлеринде 3 миңге чукул бала эс алган.

Балдар кантип эс алат? (2)
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:02 0:00

Лагерлердин балдарга болгон пайдасы жөнүндө кеп кылсак, заман шартына жараша күчтүү мектеп программасы, компьютер, интернет жана окуу мезгилиндеги ар кандай ийримдер баланы психологиялык жактан чарчоого алып келет. Ал эми лагерде балдар жаңы энергия топтой алышат. Ошондой эле ата-энеге байкалбай жүргөн таланттары ачылат. Ата-энеден алыстап, өз алдынча жана чечкиндүү болууга үйрөнөт. Ал жактан ар ким менен баарлашуу көп болуп, түнт балдардын башкалар менен тил табышуусун шарттайт.

Балдар кантип эс алат? (3)
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:06 0:00

Совет доорунда атагы алыска тараган "Артек" лагери бар эле. Эл аралык балдардын эс алуу лагерине Советтер Союзунун жана чет өлкөлүк балдар үчүн учурунда жолдомо алуу жогорку даражадагы сыйлык менен барабар болгон. Учурда аталган лагер Орусия Федерациясынын карамагында ишейт. Ага азыр деле дүйнөнүн булуң-бурчунан каалаган бала барып, жайкы каникулун эсте каларлык өткөрүүгө болот. Кыргызстандан бир баланын эс алуусу үчүн 2500 доллардан 3500 долларга чейинки каражат талап кылынат. Деген менен, акыркы мезгилде кыргызстандык ата-энелер балдардын жайкы эс алуусун пайдалуу өткөргөнгө аракет кыла баштагандай. Ар кандай эл аралык уюмдар же жеке менчик лагерлер түзүлүп иштей баштады.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG