Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:29

Лезгинка - өмүргө тете бий


Лезгинка бийи жаштар арасында популярдуу болууда.
Лезгинка бийи жаштар арасында популярдуу болууда.

Акыркы жылдары кавказ элдерине таандык лезгинка бийи жаштар арасында кеңири кулач жаюуда. Лезгинка ансамблдерде кыргыз балдар дагы мыкты бийчи экендиктерин көргөзүп келишет.

Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрынын залында көрүүчүлөр толтура. Сахнада курамы ар улуттун балдарынан турган “Биримдик” ансамблинин жигиттери кавказ элдеринин лезгинка бийин кумарлана бийлеп жатышты. Арасында кыргыздын үч жигити кавказдыктардан кем калышпай ийкемдүү, ыкчам кыймылдары менен көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызытты.

Андан кийин 3 жаштан 12 жашка чейинки “Кичинекей жигиттер” бий ансамбли өнөрлөрүн көргөзгөндө көрүүчүлөрдүн кызуу сүрөөсүнө алынды. Бул ансамблде карачай, балкар, даргиндер менен кошо кичинекей кыргыз балдар буттарынын учу менен секирип, лезгинка бийинин татаал техникаларын көрсөтүп жатышты.

“Биримдик” ансамблинин катышуучусу Нурадил Бейшенов лезгинканы бир жылдан бери үйрөнүп, мыкты бийлегенге жетишиптир. Ал кавказ элдеринин бийлери жигитти курчтукка, чыдамкайлыкка, убадага бекемдикке, кайраттуулукка чыйралтат деген ойдо:

- Лезгинка бийи балдардын мүнөзү кандай экенин билдирет. Бул бий атам-заманда пайда болгон. Мына азыркы кезге чейин бийлеп жүрүшөт. Мага ошонусу менен жагат.

Нурадил лезгинка бийи токтоолукка, чыдамкайлуулукка тарбиялап, кыймыл-аракетти шайдоот, ыкчам кыларын кошумчалады.

Ал эми “Биримдик” ансамблинин дагы бир катышуучусу Санжар Батырбеков болсо бош убактысын текке кетирбей бий үйрөнүп, андан сырткары бий аркылуу физикалык жактан чымыр болуп, саламаттыгы чың болот деген ишенимде.

“Лезгинка - өмүргө тете бий” фестивалына “Къууанч”, “Жигиттер”, “Биримдик”, “Афта кенчилер” жана “Кичинекей жигиттер” ансамблдери катышып, көрүүчүлөргө ырахат тартуулашты. Биринчи орунду “Кичинекей жигиттер” тобу жеңип алды. Бул топтун арасында дагы 5 жаштан 12 жашка чейинки кыргыз балдар бар экен.

Калыстар тобунун мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу ушундай маданий оюн-зооктор көбүрөөк болуп турса коомбузга пайда деген пикирде:

- Биздин өлкөдө жалаң эле саясат менен алек болуп эл дагы пикет, митингден чарчап, тажап калды. Өзгөчө суук күндөрү эл арасында мына ушундай шаңдуу оюн-тамашаны көбүрөөк өткөрүш керек болуп турат. Мына бул бий майрамы ар бир адамдын жүрөгүнө жазды алып келди. Ошондуктан ушундай майрамдар, бийлер көбүрөөк болсо экен. Ыпылас нерселер азыраак болсо экен.

“Лезгинка - өмүргө тете бий” фестивалынын уюштуруучусу “Къууанч” бий тобунун көркөм жетекчиси Назбий Бапинаев көп улуттуу Кыргызстан элинин достугун, этникалык биримдигин бий аркылуу чыңдоого болоорун белгилеп, келерки жылы мындан дагы чоң фестивал өткөрүлөрүн ага коңшу мамлекеттерден, Кавказдан дагы бийчилер чакырыларын кошумчалады.

Фестивалдын соңунда аткаруучулук жөндөмү мыкты жуп менен бийлеген бийчилерге, бий топторуна акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Кыргызстанда азербайжандардын “Азери”, чечендердин “Барт” жана карачай, даргин сыяктуу түндүк кавказ элдеринин ассоциациясынын маданият борборлорунда ондогон кыз-уландар ыр-бий үйрөнүшөт.

XS
SM
MD
LG