Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:02

Ала качуудан бошонгон Айжан үйүнө кайтты


Бишкектен Ат-Башыга ала качып кетишкен кыз кайра үйүнө жеткирилди. Энесинин айтымында, кыз психологиялык басымга кабылып, денесине залал келтирилген.

Окуя 17-августтун кечинде болгон. Жабырлануучу Айжан Абдухакимованын апасы Элмира Досуеванын айтымында, кызын чала тааныш төрт бала “Дордой” базарынан ала качкан.

Элмира Досуева базарда иштеп, жыйырма бир жаштагы студент кызы анда-санда келип жардам берип турганын айтты. Ала качкан жигиттер ошол эле базарда күзөтчү болуп иштечү экен.

- Балдар суусундук алымыш болуп келип, алаксыган кезде кызымды сүйрөп кетишиптир. Мен мында чай сатам. Ал балдарды беш жылдан бери билем, келип чай ичип кетишчү. Бирөөсү кызыңызды мага бериңиз деп жүргөн. Мен “эгер ала качсаң милицияга берем” деп кагып салгам.

Айткандай эле окуя болгондон кийин кыздын энеси дароо милицияга арыз жазган. Ушундан кийин ала качкан тарап кызды эртеси эле үйүнө алып келүүгө мажбур болгон. Айжан журналисттер менен жолугуудан да, телефонго сүйлөп берүүдөн да баш тартты. Энесинин айтымында, жабыркаган кыз эмгиче өзүнө келе албай жатат.

- Денеси көгала. Күчкө салып сүйрөшкөн экен, шымы кир, буттары сыйрылган. Андан башка тийбептир.

Учурда бул ишти Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Анара Мамиева карап жатат.

- Кылмыш иши козголду. Бирок жабырлануучунун дагы пикирин эске алабыз. Ал сотко берем-бербейм деп эки анжы болуп атат. Ошого карап кылмыш ишин козгосокпу же козгобосокпу деп атабыз.

Ал эми кыз ала качкан балдардын учурда кайда экени белгисиз. Алардын туугандары “Азаттыкка” маалымат берүүдөн баш тартышты.

Эске салсак, ушул жылдын башында Кылмыш кодексине өзгөртүү киргизилип, кыз ала качкандарга 7-10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы киргизилген. Бирок бул чара деле ала качууга бөгөт коё албай жаткандай. Журналист Самара Имамадин кызынын айтымында, азыр айылдарда кыз ала качуу токтой элек.

- Мисалы, 2013-жылы мыйзам кабыл алынгандан кийин деле биздин айылдан кыз ала качкан 3 учурду билем. Анын бири - менин сиңдим. Февраль-март айларында болду. Ала качып кетишти. Ата-энеси барып алып келебиз десе тигилер койгула, кызыңар бактысыз болуп калат деп отургузуп коюшту. Андан тышкары биздин айылда 11ди бүткөн кыздарды ала качып, бир эле кыз калды деп айтышты. Жөн эле сырттан караган адам катары байкаганымда, бул мыйзам тууралуу эч ким сөз деле кылган жок. “Ала качпагыла, соттолосуңар” деп ата-эне баласына деле айтканын укпадым. Мурун кандай кабыл алышса азыр деле ошондой. Өзгөрүү, мыйзамдан коркуу дегенди такыр байкаганым жок.

Адистердин айтымында, кыз ала качкандардын көбү бул кылмыш экенин билбейт. Ошондой эле, кыз тарап "таш түшкөн жеринде оор" деген салттан чыга албай, көп учурда кызынын эркине каршы иш кылышат. Буга кошумча далай кыздар коом ичинде уят болбоюн деп ала качуунун курмандыгына айланат.
XS
SM
MD
LG