Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:04

Боронов: Катуу шамалдан жүздөгөн турак үй жабыркады


Таласта мөндүр жаады. 09.05.2016
Таласта мөндүр жаады. 09.05.2016

Кыргызстанда жаан токтобой жаап, айрым жерлерде катуу шамал жүрүп, мөндүр жаады.

“Азаттык”: Кечээтен бери Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан тынбай жаап жатат. Катуу шамал болгону да кабарланды. Ушуга байланыштуу жаратылыш кырсыктары көп катталчу аймактарда абал кандай? Негизгиси, адам өмүрүнө, ден соолугуна залака тийген учур катталган жокпу?

Боронов: Адам өмүрүнө зыян тийген жок. 9-майда түнкү саат 2лер чамасында Баткен облусунун аймагында катуу шамал жүрдү. Анын кесепетинен Лейлек жана Баткен райондору боюнча айылдардагы турак үйлөрдүн, кээ бир социалдык объектилердин чатырларынын шиферин учуруп кетти.

Жалпысынан айта турган болсок – облус боюнча 363 турак үйдүн 41 даана шиферин, 28 даана темир чатырын, 10 социалдык объекттин 474 даана шиферин учуруп кеткен.

Ошондой эле кечээ Талас облусунда да нөшөр жаан, катуу шамал менен коштолгон өзгөчө кырдаал катталды. Бул – Талас, Кара-Буура жана Бакай-Ата райондору.

Жалпысынан Талас облусу боюнча 34 турак жайдын короосун суу каптап, 11 үйдүн пайдубалынын астына суу кирип кетти.

Мындан тышкары кээ бир каналдардан суу ашып, айылдын көчөлөрүн каптады. Бул – Талас районунун Долоно айыл аймагы, Көк-Ой айыл аймагы, Талас шаары.

Шамалдын ылдамдыгы 18-25 метрге чейин жеткен.

Бакай-Атанын Өзгөрүш айыл аймагында 9-майда 4 короону, Кара-Бууранын Шалтак участогунда 5-6 гектар жерди да сел каптады.

Азыркы мезгилде жергиликтүү райондук жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүп жатат.

“Азаттык”: Жалал-Абад облусунда сел, жер көчкү жүрчү кооптуу аймактар бар эмеспи. Ал жакта абал кандай?

Боронов: Акыркы мезгилде тынч эле. Бая күнү 3-майда болгон селдин кесепеттерин жоюу боюнча иштер уюштурулуп, бүгүнкү күндө алар толук бойдон жүргүзүлүп жатат.

Аксы районунун 8 аймагында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүргөн. Жалпысынан 50 турак үйдүн короолорун суу каптаган, 2 үй таптакыр жарактан чыгып калган. Бардыгы болуп 31 үй-бүлөнү коопсуз жерге көчүрүү иши жүрүп жатат.

“Азаттык”: Министр мырза, жакынкы күндөргө синоптиктер кандай аба ырайы болорун болжоп жатат?

Боронов: Аба ырайы ушундай эле. Ушул жуманын аягында жамгыр бир аз токтойт. Бирок күн бүркөк болуп турат. Кийинки жумада кайра эле ушундай катуу жаан-чачын болот деп болжоп жатышат.

“Азаттык”: Майдын биринчи жарымы, ортосу жаанчыл болот экен да.

Боронов: Ооба, абдан жаанчыл болот.

XS
SM
MD
LG