Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:42

Эки президент чек араны чечүүгө бел байлады


Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмон
Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмон

Чек ара маселеси президент Сооронбай Жээнбековдун Тажикстанга расмий сапары учурунда тажик президенти менен талкууланып, чек араны делимитациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын ишин активдештирүүгө токтолушту.

Эки өлкө мындан үч жыл мурун чек араны тактоо боюнча сүйлөшүүлөрдү баштап, бирок жылыш болбой токтоп калган. Адистер Кыргызстандын өкмөтү ат тезегин кургатпай алмашып жатканы сүйлөшүүлөрдү алдыга жылдырбай келе жатканын айтышууда.

Артыкчылыктуу коопсуздук маселеси

Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттик чек араны тактоо иштерин кайрадан активдештире турган болду. Президент Сооронбай Жээнбековдун 1-2-февраль күндөрү Тажикстанга расмий сапары учурунда эки президент талкуулаган бирден бир актуалдуу маселеси чек араны делимитациялоо багытында жүрдү.

Дүйшөмбү шаарында тажик президенти Эмомали Рахмон эки президенттин тең чек ара жаатында бирдей көз карашы сүйлөшүүлөргө жаңы импульс берет деген ишенимде экенин айтты.

- Эки өлкөнүн чек арасын юридикалык жактан тактап, каттоо биздин мамлекеттер ортосундагы өтө актуалдуу маселелердин бири. Биз чек аранын калган тактала элек бөлүктөрүнүн үстүндө иш алып барууга даярдыгыбызды билдиребиз.

Президент Сооронбай Жээнбеков чек ара тактоо менен гана эки өлкөнүн чектеш айылдарында коопсуздук маселеси чечилерине токтолду.

- Кыргыз-тажик чек арасын делимитация жана демаркация иштерин жүргүзгөн өкмөт аралык комиссия туруктуу ишин алып барышы керек. Биздин эл көп жылдан бери чек ара сызыгынын такталышын күтүп жатат. Бул келишимге кол коюу менен биз чек арадагы райондордун байланышын жана коопсуздугун бекемдей алабыз.

Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмон.
Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмон.

Музду ээритүү аракети

Натыйжада кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түзүлгөн өкмөт аралык комиссия жакын арада Тажикстанда жыйын өткөрмөй болду.

Чек ара маселелери боюнча өкмөттүн атайын өкүлү Курбанбай Искандаровдун “Азаттыкка” билдиришинче, бул акыркы эки жарым жылдан бери токтоп калган сүйлөшүүлөрдүн уландысы болот жана буга чейин бир катар макулдашылып калган маселелер боюнча сүйлөшүүлөр башталат. Акыркы 2015-жылдагы сүйлөшүүлөрдө Кыргызстан чек ара сызыгында бир катар тилкелерди алмашуу сунушун берген эле.

Курбанбай Искандаров
Курбанбай Искандаров

- Биз Тажикстан тарапка Баткен районундагы 5-6 участокту алмашуу жолун сунуштаганбыз. Ал жерде чек ара сызыгында үйлөр шахмат иретинде жайгашып калган. Биз ошол үйлөрдү алмашуу сунушубузга тажик тарап оң жообун берсе, чек аранын сызыгын акырындык менен түздөп кете беребиз деген ойдобуз. Бул жерде көбүрөөк маселе Көк-Таш айыл аймагы менен Тажикстандын Ходжала айылында турат. Эки өлкөнүн комиссиясы ошол маселелерди чечкенге аракет кылабыз.

Кыргыз-тажик чек арасында 70тен ашык такталбаган тилке бар. 2015-жылы эки өлкө чек ара сызыгындагы 16 гектар жерди алмашууга жакындап, оозеки макулдашууга жетишкен. Бул жылдары экс-президент Алмазбек Атамбаев менен Эмомали Рахмон эки жылдын ичинде чек аранын көпчүлүк бөлүгү делимитация болот деген ишенимин билдиришкен.

Бул макулдашуулар сөз жүзүндө калганын өкмөттүн чек ара маселелери боюнча өкүлү Курбанбай Искандаров тажик тарап маселени токтотуп койгонунан көрөт. Себеби расмий Дүйшөбү ич ара тактоону талап кылчу жагдайларга таянып, ушу маалга чейин жообун бербей келген дейт.

Кадрдык алмашуулар сүйлөшүүлөрдү токтотууда

Анткен менен ошол маалдагы чек ара маселелерине көзөмөл кылган вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев сүйлөшүүлөрдүн токтоп калышына Кыргызстандын да күнөөсү бар экенин айтууда.

Абдрахман Маматалиев
Абдрахман Маматалиев

- Өкмөт тез-тез алмашып жатпайбы, өкмөт мүчөлөрү жаңырган сайын сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо кыйынга болот. Вице-премьерлердин арасында чек араны түшүнүп-түшүнбөгөндөрү деле келип жатат. Маселен 2015-жылы акыркы сүйлөшүүлөрдөн кийин биздин өкмөт кетип, андан кийинки өкмөттө чек ара маселесин тейлеген вице-премьерди жоюп салышпадыбы. Кийин кайра алып келишти, бирок 3-4 ай иштеп алмашып жатат. Ушул кадрдык алмашуулар комиссиянын ишине олуттуу таасир этет.

Маматалиев эки президенттин жаңы деми чек ара маселесине жылыш берет деген ишенимде. Ал сүйлөшүүлөр туруктуу өтсө, кыргыз-тажик чек ара сызыгынын 80-90 пайызын жакын арада тактоого толук мүмкүн экенин кошумчалады.

Былтыр Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында он жаңжал катталган. Булардын бардыгы чек ара тилкелери такталбаган жерлерде болгон.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 971 чакырымды түзөт. Анын 519 чакырымы тоолуу кыркалар болгондуктан такталган тилкелерге кирет. Ал эми калган 450 чакырымдан ашыгы талаштуу бойдон калууда.

Кыргыз-тажик президенттери жолугушту
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:20 0:00
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG