Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:50

АКШ билим берүүгө инвестиция салат

Америка университети
Америка университети

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Борбор Азиядагы Америка университетинин жаңы имаратынын ачылышында АКШнын Кыргызстандагы билим берүү программалары кеңейтилерин билдирди.

Самарканда жекшембиде өткөн “С5+1” форматындагы жолугушууда АКШнын мамкатчысы Жон Керри жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери мындан аркы кызматташууну тереңдетүү боюнча биргелешкен декларацияга кол коюшту.

Келишимде коопсуздук, соода-экономика, энергетика, экология, дүйнөлүк климат жана билим берүү тармагындагы алакаларды кеңейтүү жолдору камтылган.

Заманбап Америка университети

Жон Керри 31-октябрда Бишкекте өткөн Борбор Азиядагы Америка университетинин жаңы имаратынын ачылышына катышып, сөз сүйлөгөн. Керри АКШ өкмөтү Кыргызстандагы билим берүү тармагына кошуп жаткан инвестицияларын уланта берерине басым жасады. Айтымында, Кошмо Штаттар Америка университетине эле 30 млн. долларга жакын каражат жумшайт.

- Билим берүүнүн канчалык маанилүү экенин жакшы билесиңер. Ушул себептүү АКШ өкмөтү Борбор Азиядагы Америка университетин көп жылдан бери колдоп келет. Биздин бийлик бул окуу жайга инвестициялык фонддун 6 млн. долларын кошкондо 30 млн. долларга жакын инвестиция салды. Мен силерди мындай каржылык колдоолор дагы да уланат деп ишендире кетейин.

Жон Керри университеттин студенттери менен жолугушууда, 31-октябрь, 2015-жыл
Жон Керри университеттин студенттери менен жолугушууда, 31-октябрь, 2015-жыл

Мындан 22 жыл мурда түптөлгөн Америка университетинин жаңы кампусу Бишкектин түштүк тарабына курулду. Окуу жай табигый курулуш каражаттарынын негизинде тикеленип, заманбап технологиялар менен жабдылган. Негизги өзгөчөлүгү катары имаратты жылытуу жана жарыктандыруу үчүн энергияны Күндөн алышын жана жамгыр суусун тазалап туруп пайдалануусун айтсак болот.

Кампустун ачылыш салтанатында билим берүү министри Элвира Сариева Америка университети бир гана Кыргызстанда эмес, Борбор Азиядагы алдыңкы окуу жай экенин белгилейт. Анын баамында, окуу жай бүтүрүүчүлөрү сын жана жаңычыл көз караштагы коомдун кыймылдаткыч күчү болуп саналат.

- Бул университет интеллектуалдарды даярдаган жай. Бир гана билим берүүнү өнүктүрбөстөн, жандуу академиялык чөйрөнү да түзүп жатат. Окуу жай көптөгөн илимий изилдөөлөрдүн борбору катары Борбор Азиядагы алдыңкы билим уясы болоруна терең ишенебиз.

Жаңы имарат
Жаңы имарат

Буга дейре АКШ Кыргызстандагы демократияны жана жарандык коомду өнүктүрүүгө гана каражат бөлүп, экономикалык-социалдык көйгөйлөргө көңүл бурбайт деген сындар айтылып келген.

Адам ресурстарына жасалган инвестиция баарынан маанилүү экенин баса белгилеген саясат таануучу Эмил Жураев билим берүүгө бөлүнгөн каражат билимдүү адамдардын жардамы менен экономикага түздөн-түз салым болорун айтууда.

- Америка тараптан Кыргызстанга экономикалык жактан чоң пайда алып келе турган инвестициялардын болбой келгенин айтып жүрөбүз. Бирок Америка университетине 30 млн. долларлык инвестициянын салынышы чон салым. Ушул окуу жайдан жаңыча ойлонгон жаштар тарбияланып, кыргыз элитасын түзсө Кыргызстандын экономикасына чоң салым болот.

“Манас” аба майданындагы авиабазанын чыгарылышы жана Кыргызстандын АКШ өкмөтү менен болгон келишимди бир тараптуу үзүшү эки өлкө ортосундагы мамилени кыйла сууткан. Байкоочулардын баамында Жон Керринин Борбор Азия сапарын Бишкектен башташы, жаңы имараттардын ачылышы символикалуу түрдө АКШ Кыргызстан менен жаңы деңгээлде кызматташууга кызыкдар экенин билдирет.

Сүрөт баян: Америка университетинин жаңы конушу

Америка университетинин жаңы конушу

Борбор Азиядагы Америка университетинин жаңы кампусу  Бишкектин түштүк аймагында тоо этектеп жайгашкан.
1/18 Борбор Азиядагы Америка университетинин жаңы кампусу  Бишкектин түштүк аймагында тоо этектеп жайгашкан.
Кампуска кирээр замат сизди жөнөкөй костюмчан, жылмайган кароолчу тосуп алат.
2/18 Кампуска кирээр замат сизди жөнөкөй костюмчан, жылмайган кароолчу тосуп алат.
Ар бир кабатта бир нече чакан кафетерий жайгашкан.
3/18 Ар бир кабатта бир нече чакан кафетерий жайгашкан.
Кампус төрт кабаттан турган эс алуу борборун элестетет. Анын ар бир кабатында мугалим жана студенттер үчүн тамактануу жана эс алуу жайлары орун алган.
4/18 Кампус төрт кабаттан турган эс алуу борборун элестетет. Анын ар бир кабатында мугалим жана студенттер үчүн тамактануу жана эс алуу жайлары орун алган.
Окуу жайда кыргызстандык студенттерден сырткары Тажикстан, Казакстан, Орусия, Ооганстан, Өзбекстан, Түркиядан келип билим алышат. 
5/18 Окуу жайда кыргызстандык студенттерден сырткары Тажикстан, Казакстан, Орусия, Ооганстан, Өзбекстан, Түркиядан келип билим алышат. 
Кампустун конструкциясы жөнөкөй, кымбат жасалгоолорду көрбөйсүң.
6/18 Кампустун конструкциясы жөнөкөй, кымбат жасалгоолорду көрбөйсүң.
Кампуста 200 орундуу заманбап техника менен жабдылган эки жыйын залы бар. 
7/18 Кампуста 200 орундуу заманбап техника менен жабдылган эки жыйын залы бар. 
Ар бир кабатта китеп окуп, сүйлөшүп же эс алып жаткан студенттерди көрүүгө болот. Коридорлор чоң жана жарык, үңүрөйгөн бөлмөлөрдү дээрлик кездештирбедик.
8/18 Ар бир кабатта китеп окуп, сүйлөшүп же эс алып жаткан студенттерди көрүүгө болот. Коридорлор чоң жана жарык, үңүрөйгөн бөлмөлөрдү дээрлик кездештирбедик.
Окуу жайдын ар бир лекция бөлмөсү терезе менен тосулган. Демек анын ичинде өтүлүп жаткан сабакты көрүүгө болот. 
9/18 Окуу жайдын ар бир лекция бөлмөсү терезе менен тосулган. Демек анын ичинде өтүлүп жаткан сабакты көрүүгө болот. 
Кампуста чет элдик адабиятка бай, студенттердин окуусуна ыңгайлуу болгон чоң китепкана бар.
10/18 Кампуста чет элдик адабиятка бай, студенттердин окуусуна ыңгайлуу болгон чоң китепкана бар.
Лекция бөлмөлөрүнүн эң ириси 30-40 адамга ылайыкташкан. 
11/18 Лекция бөлмөлөрүнүн эң ириси 30-40 адамга ылайыкташкан. 
Ар бир студенттин жеке кутучулары бар. Студенттер кампуста өзүн абдан эркин сезет. Коридордо скейт тээп жүргөн балдарды да көрүүгө болот. 
12/18 Ар бир студенттин жеке кутучулары бар. Студенттер кампуста өзүн абдан эркин сезет. Коридордо скейт тээп жүргөн балдарды да көрүүгө болот. 
Чоң лекция залдардан сырткары чакан сабак бөлмөлөрү бар. Алар балдардын өз алдынча иштеп, бири бири менен баарлашуусуна мүмкүнчүлүк түзөт.
13/18 Чоң лекция залдардан сырткары чакан сабак бөлмөлөрү бар. Алар балдардын өз алдынча иштеп, бири бири менен баарлашуусуна мүмкүнчүлүк түзөт.
Кампус кышында жылуу, жайында салкын тартып турат. Айтмакчы, табигый энергия менен жылыган Борбор Азиядагы алгачкы окуу жай. 
14/18 Кампус кышында жылуу, жайында салкын тартып турат. Айтмакчы, табигый энергия менен жылыган Борбор Азиядагы алгачкы окуу жай. 
Окуу жайдын төртүнчү кабатында чоң спорт зал жайгашкан. Мындан сырткары студенттердин тандоосуна жараша бир канча ийрим бар. 
15/18 Окуу жайдын төртүнчү кабатында чоң спорт зал жайгашкан. Мындан сырткары студенттердин тандоосуна жараша бир канча ийрим бар. 
Кампустун мугалимдеринин жеке бөлмөлөрү жок. Ондогон мугалимдин бир залда чакан иш орундары бар. 
16/18 Кампустун мугалимдеринин жеке бөлмөлөрү жок. Ондогон мугалимдин бир залда чакан иш орундары бар. 
Бир жылдык окуу акысы 2000 доллардан 5000 долларга жетет. Бирок студенттин билим деңгээлине жана социалдык абалына жараша жеңилдиктер каралган.
17/18 Бир жылдык окуу акысы 2000 доллардан 5000 долларга жетет. Бирок студенттин билим деңгээлине жана социалдык абалына жараша жеңилдиктер каралган.
Борбор Азиядагы Америка университетинин 2500 бүтүрүүчүсү дүйнөдөгү эң ири ​ Гарвард, Йель, Сорбонна окуу жайларында билимин улантып, алдыңкы компанияларга ишке орношкон.
18/18 Борбор Азиядагы Америка университетинин 2500 бүтүрүүчүсү дүйнөдөгү эң ири ​ Гарвард, Йель, Сорбонна окуу жайларында билимин улантып, алдыңкы компанияларга ишке орношкон.
Артка
Алдыга

Куржундар
XS
SM
MD
LG