Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:54

Бадахшандыктар Бишкекте митинг өткөрдү


Бишкектеги тажик элчилигинин астында өткөн Бадахшан тажиктеринин акциясы. 24-май, 2014-жыл.
Бишкектеги тажик элчилигинин астында өткөн Бадахшан тажиктеринин акциясы. 24-май, 2014-жыл.

Тажикстандын Бишкектеги элчилигинин алдында бадахшандык тажик жарандар Хорогдогу кайгылуу окуяларга байланыштуу нааразылык акциясын өткөрүштү.

Нааразы болгондор 4 адамдын өмүрүн алган башаламандыктарды калыс иликтөөнү жана Тоолуу Бадахшанга айрым өлкөлөрдүн, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүгүн ачууну талап кылышты.

Бишкектеги тажик элчилигинин алдына топтолгон 50 чакты бадахшандык жаран Хорогдогу соңку окуяларга карата тынчсызданууларын билдирип, болуп өткөн окуяларды акыйкат иликтөөнү тажик бийликтеринен талап кылышты. Алар колдоруна “Биз Тажикстандын биримдиги үчүн”, “Хорог шаарына Орусиянын, АКШнын жана ЕККУнун өкүлчүлүктөрү ачылсын” деген ураандарды кармап турушту.

Тынч митингди уюштургандардын бири, жарандык активист Киргизбек Канунов Хорогдогу башаламандыкка бийлик айтып жаткан кылмыштуу топтор же маңзат соодагерлери эмес, көп жылдан бери чечилбей келаткан социалдык - экономикалык көйгөйлөр себеп болгонун айтууда.

Хорогдогу тополоңдон кийин күйүп жаткан имарат. 21-май.
Хорогдогу тополоңдон кийин күйүп жаткан имарат. 21-май.
- Тынч жаткан элге каршы ок чыгарган бийликтерге каршыбыз жана ага жол бербеш керек деп эсептейбиз. Акыркы убакта элдик толкундоолор көп болуп жатат. Буга жумушсуздук, жакырчылык жана башка социалдык-экономикалык көйгөйлөрдүн чечилбей жатышы себеп. Эл бийликке, күч органдарына ишенбейт. Бийлик болсо элдин талабын чечүү ордуна аларга каршы ок чыгарып, чыңалууну курчутуп жатат. Азыр Тоолуу Бадахшандагы элдин үчтөн бир бөлүгү чет өлкөлөргө нан издеп кетти. Ошого карабай бийлик тараптан карапайым элге зомбулук уланууда.

Канунов эгер бийлик коюлган талаптарды аткарбаса, нааразылык акциялары улана берерин кошумчалады.

Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Олим Рахимов нааразы тараптын алдына чыгып, талаптарын укту. Ал бадахшандыктардын үнүн Тажикстандын жогорку бийлигине жеткирерин убада кылып, чогулгандарга буларды айтты:

- Менин бул окуяларга баа бергенге укугум жок. Болуп өткөндөрдү атайын түзүлгөн комиссия иликтеп чыгышы керек. Комиссия курамына күч органдарынан 4, жергиликтүү элден 4 адам кирди. Башаламандык боюнча эч ким алдын ала тыянак чыгара албайт. Учурда тиешелүү органдар иштеп жатат. А мен болсо өз силердин талаптарыңарды жогорку бийликке жеткирем.

Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Олим Рахимов.
Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Олим Рахимов.
Деген менен Тоолуу Бадахшандагы соңку окуяларга кылмыштуу топтордун, маңзат бизнеси менен шугулдангандардын да тиешеси болушу мүмкүн экени айтылууда. 2001-2005-жылдары Тажикстанда элчилик кызматты аркалаган Мирослав Ниязов аталган өлкөнүн маңзат соодасынын очогу болгон Ооганстан менен чектешерин эске салып, айтылган жагдайларды четке какпайт.

- Бул жөнөкөй маселе эмес. Анткени Тажикстандын жарандарынын көбү биз сыяктуу эле Орусияда иштеп жүрүшөт. Элдин жашоо-шарты оор, жумушсуздук күч. Ушундай кырдаалда айрым криминалдык топтор баш көтөрүп, бийликке альтернатива болууну самайт. Бирок кандай болгон күндө да, бул тажиктердин ички маселеси. Менимче, Тажикстандын расмий бийлиги болуп өткөн окуяларга өзүнүн акыйкат баасын берет.

Эске салсак, 21-майда Тажикстандын Тоолуу Бадахшан аймагындагы Хорог шаарындагы башаламандыктан 3 адам өлүп, 5 адам жараат алган. Анда милиция менен жергиликтүү тургундар кагылышып, облустук соттун жана милициянын имараты өрттөлгөн. Хорогдо 23-майдын түнүндө да күч органдары менен жергиликтүү элдин ортосунда кагылышуу уланып, дагы бир адам каза таап, экөө оор жаракат алган.

XS
SM
MD
LG