Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Депутат мэрдин отставкасын талап кылууда

Кубанычбек Кулматов.
Кубанычбек Кулматов.

Бишкек шаардык кеңешинде калаа башчы Кубанычбек Кулматовго ишеним көрсөтпөө демилгеси көтөрүлдү.

Бишкек шаардык кеңеши 29-апрелде мэрдин калааны өнүктүрүү боюнча толукталып, иштелип чыккан долбоорун талкуулаганы жатат. Мунун алдында Шаардык кеңеште калаа башчыга ишеним көрсөтпөө демилгеси көтөрүлдү. Оппозициялык “Республика” фракциясы бул сунушту ушул жума ичинде талкуулап, чечим чыгарат. Ал эми коалициялык көпчүлүктөгү депутаттар долбоорду сессияда карай электе мындай демилге көтөрүү эртелик кыларын эскертишүүдө.

Мэрге ичи чыкпаган эл өкүлү

Калаа башчысы Кубанычбек Кулматовго ишеним көрсөтпөө демилгесин ачык көтөрүп жаткан депутат Эрнис Докенов шаар кеңешиндеги оппозициячыл “Республика” фракциясынын мүчөсү. Ал мэрди биринчи кезекте шаарды өнүктүрүү боюнча убада кылган долбоорун айдан айга создуктуруп, ишке жөндөмсүздүгүн көрсөтүп жатат деп сындады:

Эрнис Докенов.
Эрнис Докенов.

- Шаардык кеңештин депутаттары калааны көрктөндүрүү, өркүндөтүүгө багытталган сунуштарды киргизгенбиз. Мэр эч качан бизди укпайт. Өз билгенинен баш тартпайт. Реклама департаментин, Унаа токтотуучу жайларды тейлеген дирекциянын ишин кыскартууну сунуштап жатат. Биз ага каршыбыз. Бул ишканалар калаа үчүн керек. Жолдордун абалы кейиштүү. Кулматов шаарды талкалаганы келгенби, билбейм.

Докенов Кубанычбек Кулматов калаа башчы болуп келгенден бери таштанды тазалоо, жолдорду оңдоо маселеси начарлап, көрктөндүрүүгө көңүл бурулбай, Бишкек эң кир шаарга айланып жатканын кошумчалады.

Депутат өз демилгесин бир топ депутаттар колдоп жатат деп ишендирди. “Республика” фракциясынын лидери Мирлан Жээнчороев мэрге ишеним көрсөтпөө сунушу ушул жумадагы фракциялык жыйында каралып, андан соң бир чечим кабыл алынарын билдирди.

Мэрдин отставкасын талап кылууга али эрте

Ал эми каолициялык көпчүлүктөгү КСДП фракциясынын депутаты Жусуп Бошкоев ишеним көрсөтпөө маселесин долбоорду сессия карагандан кийин көтөрүү жөндүү деп эсептейт:

Жусуп Бошкоев.
Жусуп Бошкоев.

- Мэрди кетирүү Докеновдун жеке пикири, жеке демилгеси эле болуп жатат. Кулматов алты ай мурун сунуштаган өнүгүү долбоорун депутаттар канааттандырарлык эмес деп таап, артка кайтарганбыз. Кайра иштеп чыкты. Жакында сессияда карайбыз. Сыныбыздан өтпөй калышы да мүмкүн. Ошондуктан чечим чыгарууга эрте.

Экономист, Жаш ишкерлер ассоциациясынын төрагасы Руслан Акматбек мэр сунуштаган долбоорлордун ишке ашышына бир аз убакыт берип, сыноо керек деген пикирде:

- Жарандарга кызмат кылуу системасын өзгөртүү өтө оор. Мэрдин жасаган жумуштарынын баарын начар деп айтууга болбойт. Ишкерлерди колдоп келатат. Калаанын өнүгүшүнө ишкерлердин салымы керек. Ошондой эле коомчулук да мэрдин сунуштарын сындай бербей, аны аткарып көрүшү зарыл. Майнаптуубу же жокпу, ошондо билинет. Демилгенин ишке ашышы үчүн убакыт талап кылынат.

Тешик жолдордогу жазуулар

Социалдык желелерде жарыяланган сүрөттөрдүн бири.
Социалдык желелерде жарыяланган сүрөттөрдүн бири.

Анткен менен калаа башчысынын ишине коомчулук арасында да нааразы пикирлер арбын. Айрыкча, таштанды жана жол маселесине сын айткандар көп. Ал эмес активисттер жолдордогу чуңкурларга мэрдин фамилиясын жазып коюу демилгесин көтөрүп, анын эскиздерин интернетке жарыялай баштады.

Азырынча Кубанычбек Кулматов ага ишеним көрсөтпөө демилгесине байланыштуу пикирин билдире элек. Бирок Фейсбуктагы баракчасына быйыл жарандардын суранычы менен шаардагы 70тен ашуун көчөлөрдө жамоо иштери жүрөрүн, көрктөндүрүү жумуштары жаан-чачынга жана тендер өткөрүүдөгү көйгөйлөргө байланыштуу артка сүрүлүп келгенин жазды.

Кубанычбек Кулматовдун 20-апрелде "Фейсбукка" жазган билдирүүсү.
Кубанычбек Кулматовдун 20-апрелде "Фейсбукка" жазган билдирүүсү.

Кулматов Бишкектин мэрлигине 2014-жылдын башында шайланган. Былтыркы сессиялардын биринде мэрдин ишмердигин төрага Марат Аманкулов башында турган коалициялык көпчүлүк да сындап чыккан эле. Шаардык кеңештеги коалициялык көпчүлүк КСДП, “Ата Мекен” жана “Замандаш-Современник” саясий партияларынан турат. “Республика” фракциясы оппозицияда.

Бишкек: тешик жолдун азабы

Бишкектен капкагы жок кудуктарды кадам сайын кезиктирүүгө болот. Үйрөнчүк айдоочулар минтип кирип да кетишет.
1/15 Бишкектен капкагы жок кудуктарды кадам сайын кезиктирүүгө болот. Үйрөнчүк айдоочулар минтип кирип да кетишет.
Жаш Гвардия бульварынын төмөн жагы. Жибек Жолу менен Ленинград көчөлөрүнүн ортосунан дөңгөлөк тешилет.   
2/15 Жаш Гвардия бульварынын төмөн жагы. Жибек Жолу менен Ленинград көчөлөрүнүн ортосунан дөңгөлөк тешилет.   
Тоголок Молдо, Жибек Жолу жана Ленинград көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгү аң-чөнөктөргө мол.  
4/15 Тоголок Молдо, Жибек Жолу жана Ленинград көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгү аң-чөнөктөргө мол.  
Капкагы ачык кудуктар же арыктар айрым учурда жол кырсыгына да себеп болуп калат.
5/15 Капкагы ачык кудуктар же арыктар айрым учурда жол кырсыгына да себеп болуп калат.
Чүй проспектисинин башталышы. Ауэзов жана Чолпон-Ата көчөлөрүнүн арасында үй ордундай аңдар көп жылдан бери оңдолбой жатат. 
6/15 Чүй проспектисинин башталышы. Ауэзов жана Чолпон-Ата көчөлөрүнүн арасында үй ордундай аңдар көп жылдан бери оңдолбой жатат. 
Чүй проспектисинин башы. Жергиликтүүлөр шаар бийлигинен жолду оңдоону талап кыла берип үмүттөрү үзүлгөндөй.
7/15 Чүй проспектисинин башы. Жергиликтүүлөр шаар бийлигинен жолду оңдоону талап кыла берип үмүттөрү үзүлгөндөй.
Калаа жолдорундагы аң-чөнөктөрдүн орточо тереңдиги 10 сантиметрдин тегерегинде.
8/15 Калаа жолдорундагы аң-чөнөктөрдүн орточо тереңдиги 10 сантиметрдин тегерегинде.
Жал кичи районундагы Тыналиев көчөсү. Ахунбаев жана Түштүк магистралдын ортосу кудум бомба түшкөндөй. Качан жамалары азырынча белгисиз.
9/15 Жал кичи районундагы Тыналиев көчөсү. Ахунбаев жана Түштүк магистралдын ортосу кудум бомба түшкөндөй. Качан жамалары азырынча белгисиз.
Ортоңку Жал. Тешиктер кеңейгендин ичинде.
10/15 Ортоңку Жал. Тешиктер кеңейгендин ичинде.
Мындай тешиктерден өткөндө айдоочулардын ичинен кан өтөт.
11/15 Мындай тешиктерден өткөндө айдоочулардын ичинен кан өтөт.
Мыйзам боюнча шаардагы негизги жолдордон оор жүк ташуучу унаалар өтпөшү керек. 40 тонналык "Хово" Лермантов көчөсүндө.   
14/15 Мыйзам боюнча шаардагы негизги жолдордон оор жүк ташуучу унаалар өтпөшү керек. 40 тонналык "Хово" Лермантов көчөсүндө.   
Артка
Алдыга

  • 16x9 Image

    Санжар Эралиев

    "Азаттык" радиосунун журналисти жана алып баруучусу. Сезимтал журналистика, кесиптик этика боюнча адис. 

Куржундар
XS
SM
MD
LG