Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:24

Карт бөрүлөрдүн оюну


Бүгүн чыкчу гезиттердин бир тобу эртең чыга турган болуп которулуп кетип, жалгыз “Жаңы агым” жарык көрдү.

Журналист Мелис Совет уулунун “Карт бөрүлөр оюну каякка алып барат?” деген жана “Бирдин ичинен чыгарчу биометрика” деген макалалары шайлоого арналды. Ушул эле автор дагы эки макала тартуулап, биринде президент Алмазбек Атамбаевдин эгемендик күнүндө сүйлөгөн сөздөрүн, экинчисинде өкмөт башчысы Темир Сариевдин иштерин сынга алды.

Журналист Тынчтык Алтымышевдин Эсеп палатасынын инспектору Жеңишкан Үтүровдон алган маеги жарыяланды.

Назгүл Калмамбетова маектешкен сүрөтчү Кубаныч Аманбаев өз өнөрү тууралуу кеп кылып, алгач кыргыздын оюу-чийүүлөрү түшүрүлгөн жааларды жасап жүргөнүн, анан эле чемпиондук бел курду жасап бергиле деп Кыргызстандын “Валетуда” деген федерациясынан сунуш болуп, чемпиондук 12 кур жасашканын, анан Казакстан менен Москвадан заказдар түшө баштаганын, бүгүн булар жасаган бир курдун баасы 20 миң сом турарын, кокус алтын жалатылып жасалган кур болсо миң долларга бааланарын, ушул жылдын 19-сентябрында Бишкекте эрежесиз мушташ боюнча чоң турнир өтөрүн, ага Европадан, АКШ менен Бразилиядан мушташчу балбандар келерин, ушул оюнга эки кур жасап жатканын айтты.

Жаш сүрөтчү андан ары цехте төрт бала эмгектенерин, буюрса алдыга койгон максаттары көп экенин, цехте иштеген балдар окууларынын да акчасын өздөрү төлөп, ата-энелерине да жардам беришерин кошумчалады. Эр жетип алып дагы эле ата-энелеринин мойнунан түшпөй жүргөн эси жок балдар канча? Кыргыздын чекпеген, тартпаган, бакытты башка жактан издебей эле өз жеринен тапкан, кенедейинен эмгек деп өскөн дал ушул Кубанычтай жигиттери ылайым көп болсун дейли.

“Жаңы агым” гезити ушул жылдын жай айында “Жетимен” коомдук фонду менен “Түгөлбай ата” коому биригип, эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун айкелин жасоо үчүн скульпторлордун арасында конкурс жарыялаганын эске салып, жакында ошол конкурстун жыйынтыгы чыгып, 22 эмгектин ичинен скульптор Азамат Абдрахманов, архитекторлор Нурсейит Мамбетказиев жана Марат Эшимбаев үчөөнүн жасаган эскизи жеңүүчү деп табылганын, буюрса Түгөлбай Сыдыкбековдун эстелиги "Ала-Тоо" кинотеатрынын түштүк жагындагы Эркиндик бульварына орнотула турган күн дагы жакындап калгандыгын жазды.

Журналист Назгүл Калмамбетова көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаков тууралуу тартылган тасманын режиссеру Алим Токторов менен аңгемелешти. Алим Токторов тасманы тартканга чейин Раззаков тууралуу болгон материалдардын баары менен таанышып, ал киши тууралуу айтылгандардын баарын угуп, керектүүлөрүн ылгап олтуруп сценарийин жазганын, тасманы “Жаздын он жетинчи ирмеми” деген атактуу фильмдин ыкмасына салып, ашыкча ызы-чуусу жок тарткысы келгенин, фильмди тартууга үч жыл кеткенин, Сталиндин ролун грузин диаспорасынын жетекчиси ойногонун, бир саат 25 мүнөттүк фильмдин көркөм жетекчиси ыраматылык Мукамбет Токтобаев болгонун, тарыхчылардан белгилүү тарыхчы Кыяз Молдокасымов баш-көз болуп бергенин, диалогдорун радиожурналист Кадыр Калилов жазганын, эми тасма элге көрсөтүлө баштаганын, кандай тартылганын эл айтып, эл бааларын, өзү болсо мүмкүнчүлүгүнүн жетишинче, колунан келишинче тартканын айтып кеп салып берди.

Акын Сайыр Абылгазиевдин жаңы ырлары да ушул санда.

Бүгүн “Эгемен” деген гезити да жарыкка чыкты. Гезиттен Кыргызстандын тиешелүү кызматы Сирияга азгырылып кетип, ал жактан майып болуп келген жаш жигитти Түркиянын Кония шаарында ооруканада жаткан жеринен алып келгенин, бул жигит 2014-жылы март айында Чеченстандын Грозный шаарына иштегени кеткенин, ашпозчу болуп жүрүп, Ислам деген бала менен достошуп, анын азгырыгы менен Стамбулга барганын, досу ага көп жолу жихад боюнча даават кылып келгенин, анан бир тажик, бир чеченге кошулуп төрт күндөн кийин Сирияга барып түшкөнүн, таксиде баратканда согушка катышсаң 5 миңден 10 миң долларга чейин төлөп берет деп айтышканын, баары теңирден тескери чыкканын, көрсө мусулмандар менен мусулмандар согушуп жатканын, жашай турган шарт жоктугун, жегенге тамак издеп дүкөнгө чыккан күнү ок жаңылып эси ооп жыгылганын, жарым өпкөсүн операция маалында алып салганын, Сирияга барам деп жарым жандуу майып болуп калганын зарлап, жаштарды азгырыкка кирбөөгө чакырды.

XS
SM
MD
LG