Баткен: облус башчысын кетирүү талабы
Баткенде чек ара маселесин чечип берүүнү талап кылып чогулгандар өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаковго кызматтан кетүү талабын коюшту. Облустук музыкалык-драмтеатрынын залында облус жетекчиси менен сүйлөшүп жаткандар аны тезинен кызматын таштап, залдан чыгып кетүүгө үндөдү. Сөз алган аксакалдардын бири кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалган кырдаалга аймактагы абалды жакшы билбеген азыркы өкмөт өкүлдөрү күнөөлүү экенин айтты. Чек ара көйгөйүнө байланыштуу Баткенде өтүп жаткан митингге 500дөн көп эл топтолгон. Облустук бийликтин имаратын милиция курчоого алган. Өткөн аптада кыргыз-тажик чек арасында болгон чырдан улам, баткендиктер облус жетекчисин кызматтан кетирип, маселени чече ала турган кишини алып келүүнү өкмөттөн талап кылышкан. Жергиликтүүлөр маселе 3 күндө чечилбесе, митинг башташаарын билдиришкен.
Чыгарылыштар
-
Ноябрь 25, 2024
“Азаттык” аялдар үчүн коопсуз аянтча түзүп берет
-
Ноябрь 24, 2024
Сузак: Аял депутаттар кыз-келиндин укугун коргойт
-
Ноябрь 19, 2024
Ноокаттын милициясын Бишкектен барган атайын комиссия териштирет
-
Ноябрь 18, 2024
Ноокат: Көк-Жардын милиция башчысы бийликке кайрылды
-
Ноябрь 13, 2024
Баткен: Жасалма мөңгү тоңдурган элеттиктер
-
Ноябрь 04, 2024
"Нарында бак-дарактарды кыйбай, көбөйтүү керек"