Француз жазуучусу Альбер Камю "Күз - жаратылыштын экинчи жазы, анда ар бир жалбырак гүлгө айланат" деген экен. Табияттын бул өзгөчө сулуу айын ырга салбаган акын жоктур. Бул темага кыргыз акындары да көп кайрылган экен. Алардын айрымдарын топтоп, "Азаттыктын" кабарчысы Ала-Арчага барып тарткан сүрөттөр менен кошо сунуштоону чечтик. Туристтер сүйгөн капчыгай азыр түркүн түстүү күрмө жамынып, кандай ыр, кандай мактоо жаадырса да жарашып, келберсип турган кези.
Ала-Арчадагы ажарлуу күз

1
Ар мезгилде аруулукка себепкер,
Жол сакчысы мобул мырза теректер,
Сээп жаткан сары, кызыл, апарман.
Жалбырактан килем токуп жатат жер. (Бурулкан Сарыгулова)
Жол сакчысы мобул мырза теректер,
Сээп жаткан сары, кызыл, апарман.
Жалбырактан килем токуп жатат жер. (Бурулкан Сарыгулова)

2
Алтындай жалбырактар батпай жайнайт.
Аларды максаты жок шамал айдайт.
Автобус жүрүп кетсе жабалактап,
Артынан ээрчий түшүп кайра жайлайт. (Жыргалбек Касаболотов)
Аларды максаты жок шамал айдайт.
Автобус жүрүп кетсе жабалактап,
Артынан ээрчий түшүп кайра жайлайт. (Жыргалбек Касаболотов)

3
Бакыт, сүйүү, чарчоо сиңген жолуңа,
Баштагыдай жакпайт эми үптү Күн.
Аял өңдүү бошоп турган боюнан,
Аялуу да, аруу дагы Күз бүгүн!.. (Шайлообек Дүйшеев)
Баштагыдай жакпайт эми үптү Күн.
Аял өңдүү бошоп турган боюнан,
Аялуу да, аруу дагы Күз бүгүн!.. (Шайлообек Дүйшеев)

4
Булут тосуп жарык күндүн бир көзүн,
Булбул куштун уга албайсың үндөшүн.
Кирип келди чыкыроон күз – айбаттуу,
Кийип алып кызыл-сары күрмөсүн. (Жылдызбек Турсунбаев).
Булбул куштун уга албайсың үндөшүн.
Кирип келди чыкыроон күз – айбаттуу,
Кийип алып кызыл-сары күрмөсүн. (Жылдызбек Турсунбаев).

5
Сезимди кусага толтуруп,
Ак карлуу кыш келет жакында.
Болбосту заматта болтуруп,
Кыялдар баш ийбейт акылга.
Өзгөчө сулуудай ушул күз,
Өзгөрүү болчудай жакында... (Назгүл Осмонова)
Ак карлуу кыш келет жакында.
Болбосту заматта болтуруп,
Кыялдар баш ийбейт акылга.
Өзгөчө сулуудай ушул күз,
Өзгөрүү болчудай жакында... (Назгүл Осмонова)

6
Калкка берген карыздарын кыя албай
Мүлкүн чачкан шок балдарын тыя албай,
Кабын алып айлыбызга күз келди
Жазгы айдаган картошкасын жыя албай. (Алыкул Осмонов)
Мүлкүн чачкан шок балдарын тыя албай,
Кабын алып айлыбызга күз келди
Жазгы айдаган картошкасын жыя албай. (Алыкул Осмонов)

7
Алтын күз сыртта… күн ачык,
Алтын кыз менден алыста.
Аралык азыр мунарык,
Апкаарып турам барышка….
Ошол кыз мага дары эле,
Жайнаган гүлдөй кулпуруп.
Анын да чачы сары эле,
Көздөрү Көлдөй туптунук… (Зайырбек Ажыматов)
Алтын кыз менден алыста.
Аралык азыр мунарык,
Апкаарып турам барышка….
Ошол кыз мага дары эле,
Жайнаган гүлдөй кулпуруп.
Анын да чачы сары эле,
Көздөрү Көлдөй туптунук… (Зайырбек Ажыматов)

8
Саратандуу маанай күтүп жүрсөк биз
Сары убайым санаа болуп келди күз,
Суз ойлорду «дуу» учуруп үркүтүп.
Сүйгүм келди мен бирөөнү күтүүсүз. (Зинакан Пасаңова)
Сары убайым санаа болуп келди күз,
Суз ойлорду «дуу» учуруп үркүтүп.
Сүйгүм келди мен бирөөнү күтүүсүз. (Зинакан Пасаңова)

9
Ушул күзүм, былтыркыдан бөтөн күз,
Улам мезгил өтсө биз да бөтөнбүз.
Узак сапар жолду басып өмүрдөн,
Ушул күздүн баркын билбей өтөөрбүз. (Калича Жакыпова)
Улам мезгил өтсө биз да бөтөнбүз.
Узак сапар жолду басып өмүрдөн,
Ушул күздүн баркын билбей өтөөрбүз. (Калича Жакыпова)

10
Табият салт улантса тигүүчүлүк,
Тамшана карап турат тирүүчүлүк.
Күндүзү, түнү дагы тыным албай,
Күз менен жарышууда тиричилик. (Мелис Маматжанов)
Тамшана карап турат тирүүчүлүк.
Күндүзү, түнү дагы тыным албай,
Күз менен жарышууда тиричилик. (Мелис Маматжанов)

11
Сан жалбырак сабалаган дарактын,
Сагынычын кимдер кантип сезди экен?
Узун түндө жамгыр үнүн утурлап,
Күздү тоскон сулуу караан сиз бекен?.. (Айгүл Узакова)
Сагынычын кимдер кантип сезди экен?
Узун түндө жамгыр үнүн утурлап,
Күздү тоскон сулуу караан сиз бекен?.. (Айгүл Узакова)

12
Бирде турат ак жамгыры себелеп,
Бирде асманда аппак айы тегерек.
Буулуктуруп, бүт дүйнөнү кусалык,
Буй кылды го бул күз деген керемет. (Калчоро Көкүлов)
Бирде асманда аппак айы тегерек.
Буулуктуруп, бүт дүйнөнү кусалык,
Буй кылды го бул күз деген керемет. (Калчоро Көкүлов)

13
Кочуштап чачат алтынын,
Шыбырайт ар бир кулакка,
Иштедиң, жетет. Ал, тынып!
Эс алгын бир аз убакка. (Марат Токоев)
Шыбырайт ар бир кулакка,
Иштедиң, жетет. Ал, тынып!
Эс алгын бир аз убакка. (Марат Токоев)