Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:50

Австрия Кыргызстанды ачып атат


14-мартта Кыргызстанга эки күндүк расмий сапар менен Австриянын президенти Хайнц Фишер келди.

Австриянын федералдык президенти Хайнц Фишер Кыргызстанга биринчи жолу расмий сапар менен келди. Ал 2010-жылы апрелде бийлик алмашкандан кийин Европа мамлекеттеринен Кыргызстанга келген алгачкы президент.

Австриянын президентин 14-мартта «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Алмазбек Атамбаев кабыл алып, эки өлкөнүн президенттери тар жана кеңири чөйрөдө жолугушту.

Жолугушуудан соң эки документке кол коюлду. Анын бири эки өлкөнүн айыл чарба кызматташтыгы жана өз ара түшүнүүчүлүгү боюнча меморандум. Ага Кыргызстандын айыл чарба министри Чыңгызбек Узакбаев менен Австриянын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Волфганг Баняй кол койду.

​Экинчи кол коюлган документ эки өлкөнүн соода-өнөр жай палаталарынын ортосундагы өз ара кызматташуу боюнча макулдашуу деп аталат. Ага Кыргызстан менен Австриянын соода-өндүрүштүк палаталарынын жетекчилери кол койду. Мындан тышкары бүгүн эки өлкөнүн ишкерлеринин катышуусунда бизнес форум өтмөкчү. Анда да эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлары күтүлүүдө.

14-марттагы жолугушуудан кийин эки өлкөнүн президенттери биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүп, анда Австриянын президенти Хайнц Фишер Кыргызстанда үч багытта кызматташууга кызыкдарлыгын билдирди.

- Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү өтө аз. Болжол менен 10 млн доллар. Биз аны тез аранын ичинде көтөргүбүз келет. Ошондуктан биздин делегациянын курамында олуттуу жана дүйнөдө таанылган австриялык ишканалардын өкүлдөрү да бар. Алар Кыргызстандагы конкреттүү долбоорлорду жана мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоого даяр. Экинчиден, Австриянын Евробиримдикте салмактуу орду жана добушу бар. Ал жерде Кыргызстандын бардык демилгелерин жана аракеттерин колдоп берүүгө жана Борбор Азиядагы бул өлкөгө Евробиримдиктин көңүлүн бурдурууга даярбыз. Үчүнчүдөн, туризм тармагында кызматташууну каалайбыз.

Булардан тышкары Австрия президенти Кыргызстандагы демократиялык өзгөрүштөрдү жана аракеттерди колдоорун, бирок демократия бир өлкөдөн башка өлкө экспорт же импорт кылгыдай товар эмес экенин да кошумчалады.



Европадан эмнени алабыз?

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Австрия президентинин сапары кызматташуунун жаңы баскычына жол ачарын айтып, болочокто эки өлкө демократиялык жана экономикалык багытта бир катар реалдуу долбоорлорду ишке ашырат деген ишенимде экенин кошумчалады.

- Австрия ИДП киши башына эсептегенде дүйнөдө алдыңкы жыйырмалыкка кирет. Европада экономикалык каатчылык болуп жаткан кезде Австрия аны кыйгап өтүп, экономиканын өнүгүү ыргагын сактап калды. Андыктан биз демократияны жана саясатты гана эмес, экономикалык багытта да сабак алсак деген ойдобуз. Биз өткөн жылы бир катар мамлекеттерге, анын ичинде Европа өлкөлөрүнө да визасыз режим киргизгенбиз. Алардын катарында Австрия да бар. Мен өзүңүз менен кошо жоон топ бизнес делегацияны ала келгениңизге ыраазычылык билдирем. Эки өлкөнүн ишкерлери энергетика, туризм жана айыл чарба тармактарында бир катар ири долбоорлорду ишке ашырат деген үмүттөмүн. Анткени биздин мамлекеттер көп жагынан окшош.

​Ошондой эле жолугушууда Австрия президенти Хайнц Фишер өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевди Австрияга чакырды. Австриялык делегациянын курамында 15тей мамлекеттик чиновник жана 17 ири компаниянын өкүлдөрү бар. Хайнц Фишер бүгүн аяктай турган сапарында парламент спикери Асылбек Жээнбеков жана өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев менен да жолугушат.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2012-жылдын 11 айында Австрия менен Кыргызстандын ортосундагы товар алмашуунун көлөмү 12,3 миллион долларды түзгөн.

XS
SM
MD
LG