Алмазбек Атамбаев: Эч нерседен коркпойм. Бирок балдарды куугунтуктап жатышат. Сооронбай Жээнбековго от менен ойногон жаман болот деп айткым келет. Мен балдарды токтотуп жатам. Минтип отурса бул бийлик күзгө чейин түшөт. Ошондой болсо да мен бийликке барбайм.
Чогулгандардын алдында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев чыкты.
"Мээрбек Мискенбаевге окшоп кордук көргөн жигиттер көп болуп кетти. Москвада окуган жигитти чыгарбай коюптур. Бийликтин көзүн май басканда ошондой болот. Анан эл чыдабай, көтөрүлөт. Аларга да жаман болот, элге да кыйын болот", -деди Атамбаев.
Мээрбек Мискенбаев: Булар окуганды да билбейт. Мени эртең камайбыз деп жатышат, камамак тургай бышырып, куурдак кылып жешсин. Парламент Асылбектин айтканын кылып жатат. Ага-ининин тууган-туушканынын баары кетсин.
Азамат Баяманов: Өкмөт иштей албай жатат. Жети айда Өмүрбек Бабанов кандай иштеди эле? Биз керек болсо Өмүрбек Токтогуловичти алып келип алабыз. Алмаз Шаршенович өзү колдоп берет. Туурабы? Алмазбек Атамбаевди каматпайбыз. Керек болсо туруп беребиз.