Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:10

Аксы окуясы боюнча сот иши жанданды


2002-жылы 17-мартта Аксынын Боспиек айылында окко учкандар.
2002-жылы 17-мартта Аксынын Боспиек айылында окко учкандар.

Аксы окуясы боюнча соттук териштирүүлөрдү Бишкек аскер гарнизондук соту карай баштады. Бирок сот отурумуна журналисттер киргизилген жок.

Сегиз жылдан бери аягына чыкпай келе жаткан Аксы окуясы боюнча сот иши 2005-жылы жандандырылып, бирок 2007-жылы кайрадан жабылып калган.

Андагы сот отурумунда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Кубанычбек Токобаев жана анын орун басары Абдимитал Калбаев сыяктуу жетекчилер үч жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылышкан.

Акыркы чекит койулбай, Аксынын жашы тыйылбайт

Жогорку Соттун маалымат катчысы Бакыт Рысалиев бул ирет мурда кылмыш жоопкерчилиги кыскартылып кеткен мурдагы аткаминерлердин иши каралып жаткандыгына токтолду:

- Бул боюнча мурдагы президенттик администрация жетекчисинин мурдагы орун басары Болот Жанузаков, мурдагы башкы прокурор Чубак Абышкаев, Жалал-Абад облусунун ошол учурдагы прокурору Зоотбек Кудайбергенов жана Улуттук коопсуздук кызматынын облустук башкармалыгынын башчысы Таштан Мамбеталиев айыпталып жатат. Буларга "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып койулган.

Аксы окуясы боюнча ошол учурдагы бир катар жетекчилердин жана күч түзүмдөрүнүн башчыларына иш козголуп, айрымдары жабылса, калгандары кыскартылып кеткен. 7-апрелде башкы прокуратуранын ичиндеги аталган кылмыш иштери күйүп кетип, кийин калыбына келтирилген.

Саясатчы Азимбек Бекназаров Аксы окуясына чекит койулуп, ушуга чейин күнөөлүүлөр жазасын ала электигин белгиледи:

- Токтоп турган үч кылмыш иши бар болчу. К. Бакиев учурунда алардын айрымдары кыскартылган. Кээ бирөөлөрдүн иштери такыр эле өндүрүштөн чыгарылып салынган. Мына ошол калган үч кылмыш иши да, өткөндө өрттөлүп кеткен экен. Биз жактоочулардын жана башка адамдардын колунда болгон көчүрмөлөрдүн негизинде ошол үч иштин бирөөсүн гана кайрадан калыбына келтиргенбиз. Ошол иш иликтенип бүтүп, мына эми сотко өткөрүлүп берилген экен. Бул иш боюнча мен күбө катары өтөм.

Саясатташып кеткен сот иши

Анткен менен коомчулук арасында Аксы окуясына тиешелүү укуктук баа берилбестен, жылдан-жылга саясатташып кеткендиги белгиленип келет. “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова Аксы окуясы боюнча соттук териштирүүлөр мына ошондой көрүнүштөрдүн айынан создугуп жаткандыгына токтолду:

Аксы окуясы үчүн жооптууларды жоопко тартууну талап кылган митингдер бир нече жолу өткөн. 17-март, 2009-жыл
- А. Бекназаров бийликке келсе эле бул иш кайрадан жанданып, кызматтан кетери менен эле токтотулуп калып жатат. 2005-жылы да бул иш көтөрүлүп, тергелип-тескелип отуруп, 2007-жылы Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгын жетекчилиги К. Токобаев, А. Калбаев жана С. Дубанаевдер шарттуу соттолгон болчу. Эми ошол учурда каралбай калган башка адамдардын айрымдарынын гана жоопкерчилиги каралып жаткан экен. Бирок муну менен эле Аксы окуясына чекит коюлат деп айта албайм. Бул ишти саясатташтырып салышты. Андай болбогондо ошол окуяда адамдардын окко учкан учуру боюнча эле жакшылап иликтеп, тергегенде эмдигиче бүтмөк.

Жашыра турган сыр барбы?

Кайрадан калыбына келтирилген сот отурумуна жабырлануучулар келген жок. Ошондой эле сот жараянына төрагалык кылуучу Алмазбек Апышев маалымат каражаттарынын сотко катышуусуна тыйуу салды. Буга, анын айтымында, айыпталуучу тараптын келтирген өтүнүчү себеп болгон.

Журналист Рысбек Токтоналиев ачык өтө турган соттук отурумга кабарчылардын себепсиз эле жерден киргизилбеши ар-кандай күмөн саноолорду пайда кылып жаткандыгын белгиледи:

Аксы окуясында окко учкандардын элесине арналган эстелик.
- Беш жылдан бери соттук териштирүүлөр боюнча материалдарды чагылдырып жүрөм. Биринчи жолу ушундай тоскоолдукка кабылып жатам. Сотко төрагалык кылуучу отурум ачык экендигин эске албастан, "айыпталуучулардын кызыкчылыгы үчүн" деп эле кабарчыларды залдан чыгарып жиберди. Бизде эмнеге отурумду жабык өткөрүп, эмнени жашырып, жаба алышпай жатат деген ой калды.

Аксы окуясы боюнча бул сот отуруму эсеби боюнча жыйырма тогузунчу болуп эсептелет. Сот отурумунун мындан ары дагы улантыла тургандыгы маалым болду.

2002-жылы 17-мартта Аксынын Боспиек айылына жакын жерде, мурдагы депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу талабы менен митингге бара жаткан анын жактоочуларын таратуу учурунда алты адам окко учкан.

XS
SM
MD
LG