Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:21

Тынарбек: IT адистер азыр барктуу


Тынарбек Арызматов.
Тынарбек Арызматов.

«Азыркы кыргызстандык» рубрикасынын кезектеги каарманы  - Варшавада дүйнөлүк IT компанияда программист болуп иштеген Тынарбек Арзыматов.  

Тынарбек Арзыматов - тажрыйбалуу IT адис. Азыркы кезде Варшава шаарында кирешеси боюнча «Microsoft» компаниясынан кийинки орунда турган америкалык «Oracle» корпорацияcында иштейт. Аны эки жыл мурун швейцариялык каржылык конгломерат - «Credit Suisse» компаниясы Польшага ишке чакырып, Бишкектен үй-бүлөсү менен көчүрүп кеткен.

- Алар мени Интернеттен эле таап алышкан, - дейт ал. - «Linkedin»​ социалдык тармагында резюмем жүктөлгөн болчу. Өздөрү байланышып, сүйлөшүп, анан иш сунуш кылышты. Биринчи «Credit Suisse» компаниясында иштедим. Ал жакта каржылык операцияларды жазчубуз. Кийин «Oracle» корпорацияcына өтүп кеттим. «Oracle» IT тармагында дүйнөдөгү биринчи он компаниянын катарында. Бул жакта башкы инженер- программистмин.

Компьютердик программалоо тилдерине Тынарбек Оштогу кыргыз-түрк «Сема» лицейинде окуп жүргөндө эле кызыга баштаган. Анда окуучунун кызыгуусун байкап, ага көмөк көрсөтүп, жөндөмүн өрчүткөн мугалимдерине ыраазы.

- 9-класста мугалимибиз келип, ким компьютерге кызыгып, олимпиадага катышарын сурап калды, - деп сөзүн улады Тынарбек. - Мен деле ондой баланын ичинде кол көтөргөм. Кийин бул тармакта ошол балдардан үчөөбүз эле калдык окшойт. Бирок ошондо 10-11-класста эле жөнөкөй программаларды жаза баштаганбыз. Олимпиадаларга катышып, республикалык деңгээлге чейин чыккам. Кийин окуумду Түркияда улантып, Селчук университетин аяктадым. Стамбулда MEC жапон корпорациясында иштеп жүрүп, Бишкекке кайтып бардым. Ал жакта банкта кийин SENAM деген компанияда иштеп, Кыргызстанда салык системасынын программасын жаздык.

Үй-бүлөсү менен Варшавада.
Үй-бүлөсү менен Варшавада.

Компьютер адамга атаандашып жатат

Дүйнөдө маалымат технологиялары күн санап ыкчам өнүгүп баратканын белгилеген адис келечекте программалоо тилдерин билүү ар бир кесип үчүн кадимки талап болуп калат деп эсептейт. Андыктан Кыргызстандагы жаштарды ушул тармакта билим алууга үндөйт.

Ал Кыргызстанда билим берүү системасы замандын талабына жараша IT адистерин даярдоого басым жасашы керек деген оюн айтты:

- Талдоочулар «бир жылда болот» деген нерселер ал убакытка жетпей эле, заман ушунчалык тез өзгөрүп, өнүгүп, жаңыланып жатат. IT тармагы адамдардын жашоосун тездик менен өзгөртүп баратат. Компьютердик жасалма интеллект жашообузга кирди деп айтсак болот. Эң жөнөкөй мисал: биз СМС жазып жатканда смартфондор кийинки сөздү өздөрү таап сунуш кылып калышты. Эксперттер жасалма интеллект 2030-жылга барып, 73 миллион жумушту жок кыларын айтып жатышат. Бүт компьютерлешет. Ошол эле учурда 2020-жылы IT тармагына байланыштуу 23 миллион жаңы жумуш пайда болот. Коомго чоң өзгөрүүлөр келатат. Компьютердик программалар адамдын акылына теңтайлашып, атаандашып келатат.

Жеке сүрөтү.
Жеке сүрөтү.

ITде аябай акылдуу болуштун деле кереги жок, аракет керек

Тынарбек үч жыл мурун АКШда иштеген кыргызстандык кесиптештери менен «Сейтек» клубун негиздеген. Учурда бардык каалоочулар үчүн онлайн курстарды өтүп, жаңы адистерди даярдашат.

- IT - иш шарттары ийкемдүү, эмгек акы татыктуу төлөнгөн, кызматкерлерин эң жогору баалаган тармак, - дейт маектешибиз. - Мисалы, «Microsoft», «Oracle», «Amazon» деген компанияда иштеген орто программисттер жылына 120-200 миң доллар айлык алышат. Көп жыл иштеген мыкты кызматкерлерге компаниянын акциялары да берилет. Андан тышкары, эч ким «кайсы бир жерде кандайдыр бир убакыт отурушуң керек» деп IT адистен талап кылбайт. Сен дүйнөнүн кайсы бурчунда болсоң да Интернетке байланышып, онлайн иштеп кете аласың. Сенин улутуң, жарандыгың эч кимди кызыктырбайт. Компания сага кызыкчылыгы болсо, сенин бардык талаптарыңа макул болуп, бардык шарттарыңа көнөт. Мисалы, мени үй-бүлөм менен көчүрүп кетүүгө, турак жай менен камсыз кылууга макул болушкан. Буга кошумча, иште сага бардык ыңгайлуу шарт түзүп берүүгө ашыгышат. Мен ошон үчүн Кыргызстанда жаңы өсүп келаткан муунга, жаштарга «ITден кесип тандагыла, туура багыт алгыла» деп сунуш кылат элем. Талант деле талап кылынбайт, аябай акылдуу болуштун деле кереги жок, аракет керек.

Саякатта.
Саякатта.

Тынарбек келечекте IT тармагында иштөөнү каалагандарга сөзсүз түрдө англис тилин, так илимдерди жана компьютерди өздөштүрүүнү сунуш кылат. Ал Кыргызстандын эң алыскы айылында туулуп, чоңойгон бала деле аракети күч болсо, бул кесипти өздөштүрүп кетерине ишенет. Анткени алты айдын ичинде программалоо тилдерин өздөштүрүп кеткендерди билет.

- «Сейтек» клубун «ушу башкаларга да жол көрсөтөлү» деп ачканбыз. Америкага саякатка барып, ал жакта Марат Гаипов деген досум бар, ошону менен баштаганбыз. Ар бир онлайн топто 15-20дан адам бар. Аларды биз алты айда адистикке үйрөтүп, жумушка орноштурууга да көмөк көрсөтөбүз. Азыр Кыргызстандан окугандар жок. АКШда иштеп жүргөндөрдөн бар. Жашы-карысы, аялы-эркеги, баары бар. Сабактар онлайн өтөт. Көбү «кесибимди алмаштырсам, талаптагыдай адистик үйрөнсөм» дегендер. Күндүз башка иште иштеп, кечкисин же дем алышта отуруп алып программалоону үйрөнүшөт. Балким, азыр аларга кыйынараак, окуунун акчасын төлөө да оор, бирок, программалоону үйрөнүп кетишсе, баардыгы унутулуп калат. Бул боло турган иш! Жеңиш биздики болот!

Тынарбек Варшавада келинчеги жана эки кызы менен жашайт. Учурда келинчеги программалоону үйрөнүүдө. Ал эми Польшада азыркы кезде 15-20 кыргызстандык программист болуп иштейт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG