Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:27
Токмок шаардык кеңешине кайра шайлоо. 2021-жыл, 11-июль.
Токмок шаардык кеңешине кайра шайлоо. 2021-жыл, 11-июль.

Шайлоо: сатылган добуш, эрегишкен партиялар

11-июлда Бишкек, Ош, Токмокто шаардык кеңешке шайлоо өттү.

Саясий өнөктүк добуш сатып алуу өңдүү мыйзам бузуулар менен коштолуп, милицияга бир катар арыз түштү.

10-июлда ден соолугуна байланыштуу же башка себептерден улам добушканага келе албаган шайлоочулар добуш берген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Бишкекте 426 699, Ошто 152 718, Токмокто 38 100 шайлоочу бар.

Кыргызстан боюнча шайлоочулардын жалпы саны 617 517.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталып, май айында Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине өткөн шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган. Үч шаарда кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.

12:45 11.7.2021

12:52 11.7.2021

12:54 11.7.2021

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) саат 12ге карата добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык, түшкө чейин 77 026 адам, тактап айтканда добуш берүүчүлөрдүн 12,47% катышты.

Бишкек шаарында 39 271 (9,20%), Ошто 30 940 (20,26%), ал эми Токмокто 6 815 (17,89%) шайлоочу келди.

13:02 11.7.2021

Ош шаарында шайлоодон четтетилген "Ынтымак" саясий партиясынын талапкери Толгонай Амирова 11-июлда журналисттерге маалымат жыйын куруп, шайлоо ыплас өтүп жатканын айтты. Ошондой эле, ага негизсиз иш козголгонун кошумчалады.

Амированы Ош шаардык милициясы добуш сатып алууга шек санап жатат.

Ал милициянын доосун четке кагып, негизсиз иш козголгонун белгиледи.

"Мага эч кандай далили жок иш козгоп коюшту. Милиция башында күбө катары чакырган, кийин шектүү кылып койду. Ушундай иштерден улам биздин партия өз эрки менен шайлоодон чыгып кетти", - деди ал.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 10-июлга караган түнү өткөргөн жыйынында "Ынтымак" партиясын Ош шаардык кеңешине кайра шайлоодон четтеткен.

Толгонай Амирова
Толгонай Амирова

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG