Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:52
Токмок шаардык кеңешине кайра шайлоо. 2021-жыл, 11-июль.
Токмок шаардык кеңешине кайра шайлоо. 2021-жыл, 11-июль.

Шайлоо: сатылган добуш, эрегишкен партиялар

11-июлда Бишкек, Ош, Токмокто шаардык кеңешке шайлоо өттү.

Саясий өнөктүк добуш сатып алуу өңдүү мыйзам бузуулар менен коштолуп, милицияга бир катар арыз түштү.

10-июлда ден соолугуна байланыштуу же башка себептерден улам добушканага келе албаган шайлоочулар добуш берген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Бишкекте 426 699, Ошто 152 718, Токмокто 38 100 шайлоочу бар.

Кыргызстан боюнча шайлоочулардын жалпы саны 617 517.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталып, май айында Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине өткөн шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган. Үч шаарда кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.

13:20 11.7.2021

Улуттук коопсуздук кызматы (УКМК) 10-июлда добуш сатып алууга аракет кылган деген айып менен “Эмгек” партиясынын К.Е.А аттуу өкүлү кармалганын билдирди. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 192 -беренеси (добуш сатып алуу) менен катталып, тергеп-иликтөө башталды.

“Кармалган К.Э.А. "Эмгек" партиясынын Р.у.Т. аттуу талапкеринин көрсөтмөсүнө ылайык, МТУ-2де шайлоочуларга 1000 сомдон таратып жаткан. Тинтүү учурунда анын жанынан 10 миң сом жана шайлоочулардын акча алганы тууралуу белгиси коюлган тизме табылган”, деп айтылат маалыматта.

"Эмгек" партиясы буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

13:41 11.7.2021

Ош шаарындагы №5273 шайлоо тилкесинин алдында шайлоочуларды тизмектеп отурган аялдар байкоочуларга аны көрсөтүүнү каалашкан жок. Шайлоо тилкесинин төрайымы Мавлюда Нишанова бул тилкеде эч кандай мыйзам бузуу катталбаганын айтты.

13:48 11.7.2021

13:50 11.7.2021

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов №1032 шайлоо тилкесинде добуш берди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG