Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:17
Токмок шаардык кеңешине кайра шайлоо. 2021-жыл, 11-июль.
Токмок шаардык кеңешине кайра шайлоо. 2021-жыл, 11-июль.

Шайлоо: сатылган добуш, эрегишкен партиялар

11-июлда Бишкек, Ош, Токмокто шаардык кеңешке шайлоо өттү.

Саясий өнөктүк добуш сатып алуу өңдүү мыйзам бузуулар менен коштолуп, милицияга бир катар арыз түштү.

10-июлда ден соолугуна байланыштуу же башка себептерден улам добушканага келе албаган шайлоочулар добуш берген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Бишкекте 426 699, Ошто 152 718, Токмокто 38 100 шайлоочу бар.

Кыргызстан боюнча шайлоочулардын жалпы саны 617 517.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталып, май айында Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине өткөн шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган. Үч шаарда кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.

12:10 11.7.2021

БШК: Шайлоочулар активдүү добуш берүүдө

БШК саат 10:00гө карата үч шаардагы кайра шайлоого катышкандар апрель айына караганда көп экенин билдирди. Добуш бергендер апрель айына салыштырмалуу 8 808 шайлоочуга көп, же 1,37% жогору.

Ал эми шаарлар боюнча караганда абал төмөнкүдөй:

Бишкек – 4 649 шайлоочуга.

Ош – 2 829 шайлоочуга көп.

Токмок – 1 267 шайлоочуга көп.

Боршайком саат 10:00гө карата 35 506 шайлоочу добуш бергенин билдирген. Бул шайлоочулардын 5,75% түзөт. Бишкекте 17 569 (4,12%), Ошто 14 868 (9,74%), Токмокто 3 069 (8,06%) шайлоочу добуш берген.

Расмий маалымат боюнча, үч шаарда шайлоочулардын тизмесине 617 миң 517 шайлоочу киргизилген. Бишкек шаарында 426 миң 699, Ошто 152 миң 718 жана Токмокто 38 миң 100 шайлоочу.​

12:21 11.7.2021

Ошто бюллетенди тытып салган шайлоочу мындай кадамга башка партияны белгилеп алгандыктан барганын айтты.

12:42 11.7.2021

12:43 11.7.2021

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG