Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:33
Токмок шаардык кеңешине кайра шайлоо. 2021-жыл, 11-июль.
Токмок шаардык кеңешине кайра шайлоо. 2021-жыл, 11-июль.

Шайлоо: сатылган добуш, эрегишкен партиялар

11-июлда Бишкек, Ош, Токмокто шаардык кеңешке шайлоо өттү.

Саясий өнөктүк добуш сатып алуу өңдүү мыйзам бузуулар менен коштолуп, милицияга бир катар арыз түштү.

10-июлда ден соолугуна байланыштуу же башка себептерден улам добушканага келе албаган шайлоочулар добуш берген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Бишкекте 426 699, Ошто 152 718, Токмокто 38 100 шайлоочу бар.

Кыргызстан боюнча шайлоочулардын жалпы саны 617 517.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталып, май айында Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине өткөн шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган. Үч шаарда кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.

10:37 11.7.2021

Бишкектеги шайлоо участоктору саат 8:00дон тарта иштеп атат.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) кабарлагандай, үч шаарда шайлоочулардын тизмесине 617 миң 517 шайлоочу киргизилди. Бишкек шаарында 426 миң 699, Ошто 152 миң 718 жана Токмокто 38 миң 100 шайлоочу.​

Бишкекте шайлоо участоктору ачылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:05 0:00

10:46 11.7.2021

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоо өтүп жатат. Бишкекте 18, Ошто 8 жана Токмокто 6 партия катышууда.

11:24 11.7.2021

Саат 10:00гө карата 35 506 шайлоочу добуш берди. Бул шайлоочулардын 5,75% түзөт.

Бишкекте 17 569 (4,12%), Ошто 14 868 (9,74%), Токмокто 3 069 (8,06%) шайлоочу добуш берди.

БШК кабарлагандай, үч шаарда шайлоочулардын тизмесине 617 миң 517 шайлоочу киргизилген. Бишкек шаарында 426 миң 699, Ошто 152 миң 718 жана Токмокто 38 миң 100 шайлоочу.​

Ош шаардык кеңешин кайра шайлоого келгендер.
Ош шаардык кеңешин кайра шайлоого келгендер.

11:42 11.7.2021

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG