Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:17
Токмок шаардык кеңешине кайра шайлоо. 2021-жыл, 11-июль.
Токмок шаардык кеңешине кайра шайлоо. 2021-жыл, 11-июль.

Шайлоо: сатылган добуш, эрегишкен партиялар

11-июлда Бишкек, Ош, Токмокто шаардык кеңешке шайлоо өттү.

Саясий өнөктүк добуш сатып алуу өңдүү мыйзам бузуулар менен коштолуп, милицияга бир катар арыз түштү.

10-июлда ден соолугуна байланыштуу же башка себептерден улам добушканага келе албаган шайлоочулар добуш берген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Бишкекте 426 699, Ошто 152 718, Токмокто 38 100 шайлоочу бар.

Кыргызстан боюнча шайлоочулардын жалпы саны 617 517.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталып, май айында Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине өткөн шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган. Үч шаарда кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.

10:07 11.7.2021

10:16 11.7.2021

10:22 11.7.2021

10:27 11.7.2021

Ош шаарында №5307 шайлоо тилкесинде шайлоочулардын бири бюллетенди тытып жиберди. Бул тууралуу “Азаттыктын” Оштогу кабарчысы билдирди. Бюллетенди тытып салган шайлоочу муну өзү каалабаган партияны белгилеп алганы менен түшүндүрдү.

№5307 шайлоо участкасынын төрайымы Гүлбара Алдыракова бул окуя боюнча акт түзүлүп, тытылган бюллетень жараксыз деп табылганын айтты.

11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештин депутаттарын кайра шайлоо өтүп жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG