Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:24
Токмок шаардык кеңешине кайра шайлоо. 2021-жыл, 11-июль.
Токмок шаардык кеңешине кайра шайлоо. 2021-жыл, 11-июль.

Шайлоо: сатылган добуш, эрегишкен партиялар

11-июлда Бишкек, Ош, Токмокто шаардык кеңешке шайлоо өттү.

Саясий өнөктүк добуш сатып алуу өңдүү мыйзам бузуулар менен коштолуп, милицияга бир катар арыз түштү.

10-июлда ден соолугуна байланыштуу же башка себептерден улам добушканага келе албаган шайлоочулар добуш берген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Бишкекте 426 699, Ошто 152 718, Токмокто 38 100 шайлоочу бар.

Кыргызстан боюнча шайлоочулардын жалпы саны 617 517.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталып, май айында Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине өткөн шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган. Үч шаарда кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.

09:33 11.7.2021

11-июлда Кыргызстанда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештин депутаттарын кайра шайлоо өтүп жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) кабарлагандай, үч шаарда шайлоочулардын тизмесине 617 миң 517 шайлоочу киргизилди. Бишкек шаарында 426 миң 699, Ошто 152 миң 718 жана Токмокто 38 миң 100 шайлоочу.

Үч шаардык кеңешке кайра шайлоого 32 саясий партия катышып жатат. Алар жалпысынан 2 204 талапкерди көрсөттү.

09:54 11.7.2021

10:02 11.7.2021

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 11-июлда Ош шаардык кеңешине кайра шайлоого катышып, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Ал шайлоодон кийин кайрадан мэр болуп келүү ниети бар экенин айтты.

“Кайрадан мэрлик кызматка барам деген ниетим бар. Эми муну шайланган депутаттар чечет. Алар сунуштаса барам”, - деди Сарыбашов.

Ал бүгүн шайлоого күндүн ысыктыгына байланыштуу эл аз келерин божомолдоду. Мындан сырткары административдик ресурсту колдонуу боюнча дооматтарды четке кагып, шайлоо таза өтөрүн айтты.

Таалайбек Сарыбашов 2018-жылы Ош шаарынын мэрлигине жалгыз талапкер болуп көрсөтүлүп, шайланган. 2020-жылы октябрь окуяларында жумуштан кетип, өлкөдө саясий кырдаал турукташкандан кийин кайра кызматына кайтып келген.

10:04 11.7.2021

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG