Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:21
Токмок шаардык кеңешине кайра шайлоо. 2021-жыл, 11-июль.
Токмок шаардык кеңешине кайра шайлоо. 2021-жыл, 11-июль.

Шайлоо: сатылган добуш, эрегишкен партиялар

11-июлда Бишкек, Ош, Токмокто шаардык кеңешке шайлоо өттү.

Саясий өнөктүк добуш сатып алуу өңдүү мыйзам бузуулар менен коштолуп, милицияга бир катар арыз түштү.

10-июлда ден соолугуна байланыштуу же башка себептерден улам добушканага келе албаган шайлоочулар добуш берген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Бишкекте 426 699, Ошто 152 718, Токмокто 38 100 шайлоочу бар.

Кыргызстан боюнча шайлоочулардын жалпы саны 617 517.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталып, май айында Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине өткөн шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган. Үч шаарда кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.

17:53 10.7.2021

Ош шаарында жалпы 1168 адам көчмө урна менен добуш берип жатат. Алардын басымдуусун майыптыгы бар адамдар жана кары-картаңдар түзөт.

Бул боюнча Ош аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Урмат Аттокуров "Азаттык" радиосуна билдирди.

"Бүгүн көчмө урна менен шайлоодон 1168 адам өтүп жатат. Алар өздөрү арыз жазып, шайлоо участкасына бара албай турганын билдирген. Бүгүнкү шайлоонун жыйынтыгы эртеңкиге кошуп чыгарылат", - деди Аттокуров.

18:00 10.7.2021

08:20 11.7.2021

Ош шаардык милициясы 10-июлда күндүзгү саат 1лер чамасында добуш сатып алууга шектүү дагы бир партиянын өкүлүн кармады. Мекеменин басма сөз кызматы кармалган киши бир добушту 2000 сомдон соодалаганын билдирди.

Жанынан 37 миӊ сом, партияга таандык күбөлүк, жарнамалык баракчалар табылганын маалымдады. Күч органдары кылмышка шектүү аял кайсы партиянын өкүлү экенин тактаган жок.

Коомдук тармактарда ал «Улуттар Биримдиги» партиясынын өкүлү экени айтылып, милиция кармаган учурдагы сүрөттөр жарыяланууда. Аталган саясий бирикменин маалымат катчысы Камил Сыдыков кармалган кишинин партияга тиешеси бар экенин ырастап, анын жанындагы акча өзүнө таандык экенин кабарлады.

08:26 11.7.2021

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG