Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:35
Токмок шаардык кеңешине кайра шайлоо. 2021-жыл, 11-июль.
Токмок шаардык кеңешине кайра шайлоо. 2021-жыл, 11-июль.

Шайлоо: сатылган добуш, эрегишкен партиялар

11-июлда Бишкек, Ош, Токмокто шаардык кеңешке шайлоо өттү.

Саясий өнөктүк добуш сатып алуу өңдүү мыйзам бузуулар менен коштолуп, милицияга бир катар арыз түштү.

10-июлда ден соолугуна байланыштуу же башка себептерден улам добушканага келе албаган шайлоочулар добуш берген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Бишкекте 426 699, Ошто 152 718, Токмокто 38 100 шайлоочу бар.

Кыргызстан боюнча шайлоочулардын жалпы саны 617 517.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталып, май айында Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине өткөн шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган. Үч шаарда кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.

21:37 11.7.2021

21:35 11.7.2021

21:31 11.7.2021

21:29 11.7.2021

Ош шаардык кеңешине ат салышкан партиялардын арасынан "Ата-Журт - Кыргызстан" алдыга чыкты. Бул кечки саат тогузга карата расмий маалымат. Борбордук шайлоо комиссиясынын баштапкы эсеби төмөнкүчө:

-"Ата-Журт - Кыргызстан" - 38,80%;

-"Биздин Кыргызстан" - 31,69%;

-"Улуттар биримдиги" - 15,42%;

- "Бир бол" - 8,72%.

Шаардык кеңеште 45 мандат бар. Ага сегиз партия ат салышты.

Жети пайыздык чектен ашкан партиялар шаардык кеңешке келет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG