Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:24
Токмок шаардык кеңешине кайра шайлоо. 2021-жыл, 11-июль.
Токмок шаардык кеңешине кайра шайлоо. 2021-жыл, 11-июль.

Шайлоо: сатылган добуш, эрегишкен партиялар

11-июлда Бишкек, Ош, Токмокто шаардык кеңешке шайлоо өттү.

Саясий өнөктүк добуш сатып алуу өңдүү мыйзам бузуулар менен коштолуп, милицияга бир катар арыз түштү.

10-июлда ден соолугуна байланыштуу же башка себептерден улам добушканага келе албаган шайлоочулар добуш берген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Бишкекте 426 699, Ошто 152 718, Токмокто 38 100 шайлоочу бар.

Кыргызстан боюнча шайлоочулардын жалпы саны 617 517.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталып, май айында Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине өткөн шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган. Үч шаарда кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.

21:27 11.7.2021

21:21 11.7.2021

21:15 11.7.2021

21:15 11.7.2021

Бишкек шаардык кеңешине ат салышкан партиялардын арасынан "Эмгек" партиясы алдыга чыкты. Бул Борбордук шайлоо комиссиясынан сайтындагы саат 21:00гө карата маалымат.

Автоматтык эсепте добуштардын 18% ашууну "Эмгек" партиясына ыйгарылды.

-"Ата-Журт-Кыргызстан" - 14,07%,

-"Ишеним" - 12,42%,

-"Ынтымак" - 10,78%

-"Өнүгүү-Прогресс" - 8,14%,

-КСДП - 8,13%.

Башка партиялардын көрсөткүчү азырынча жети пайыздан төмөн. Шайлоодо утуп чыгуу үчүн партиялардын топтогон добушу жети пайыздык чектен ашууга тийиш.

Шаардык кеңеште 45 мандат бар. Ага 18 партия ат салышты.

Бишкекте 427 миңдей шайлоочу катталган. 11-июлдагы шайлоодо саат 18:00гө карата алардын 20% көбүрөөгү катышты. Андан кийин эсеп жаңыртыла элек.

Саясий өнөктүк добуш сатып алуу өңдүү мыйзам бузуулар менен коштолуп, милицияга бир катар арыз түштү.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактыларынан улам Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган жана 11-июлга кайра шайлоо дайындалган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG