Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:07
Жогорку соттун алдына митингге чыккандар. 1-сентябрь.
Жогорку соттун алдына митингге чыккандар. 1-сентябрь.

Жогорку сот «Кыргызстандын» пайдасына чечим чыгарды

БШК 24-августта партиялардан тийиштүү документтерди кабыл алууну жыйынтыктап, 17 партия эрежелерди аткарганы расмий кабарланган. Бирок документ тапшырууда мыйзам бузган деген негиз менен «Кыргызстан» партиясынын документтери 25-августта артка кайтарылган.

«Кыргызстан» БШКнын чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна кайрылып, 27-августта судья Чолпон Досмамбетова партиянын арызын канааттандырган. Бул чечимге каршы болгон БШК Жогорку сотко арызданган. Боршайкомдун арызын кароо боюнча сот жараяны 1-сентябрда саат 16:00дө башталды.

14:19 27.8.2020

«Кыргызстан» саясий партиясынын ондогон тарапкерлери 27-августта Токмок шаарында Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимине каршы нааразылык акцияга чыгышты.

Бул тууралуу аталган партиянын өкүлдөрү "Азаттыкка" билдиришти.

25-августта БШК «Кыргызстан» партиясынын парламенттик шайлоого катышуу үчүн тапшырган документтерин артка кайтарууну чечкен. Ага партия документ тапшыруу жараянында эреже бузганы негиз болгону кабарланган.

БШКнын маалыматы боюнча, «Кыргызстан» партиясы шайлоого катышуу боюнча документтерин атайын өкүл аркылуу эмес, башка адамдан берип жиберген.

Ага чейин бул партия шайлоого катышуу жөнүндө документтерин кечигип бергени айтылып, бир катар партиялардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү «Кыргызстанды» шайлоодон четтетүүнү талап кылышкан.

26-августта "Кыргызстан" партиясы БШКнын чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна арыз берген.

14:25 27.8.2020

Кыргыз коомчулугунда Боршайком «Кыргызстанга» документтерди кайтарып берген соң бул партиянын шайлоонун четтетилиши шайлоого, саясий абалга кандай таасир тийгизет деген маселе кызуу талкууланып жатат. Анткени «Кыргызстан» партиясы буга чейинки парламенттик шайлоодо 203 383 добуш алып, үчүнчү орунду ээлеген. Катарында бир катар акчалуу ишкерлер, мурда-кийин маанилүү кызматтарды ээлеген адамдар бар.

БШК менен "Кыргызстан" партиясынын талашынын себеби
please wait

No media source currently available

0:00 0:50:34 0:00

14:27 27.8.2020

27-августта Бишкектин административдик сотуна алдына бир нече саясий партиянын мүчөлөрү, жарандык активисттер чогулду.

Учурда «Кыргызстан» партиясынын БШКнын чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна берген арызы каралганы жатат.

Соттун алдына чогулган «Кыргызстан» партиясынын өкүлдөрү соттордон басым алдында эмес, акыйкат чечим чыгарууну талап кылууда. Ал эми ага каршы бир нече партия өкүлдөрү соттон БШКнын чечимин колдоону талап кылууда.

14:33 27.8.2020

"Чоң казат" партиясынын өкүлү Сыймык Жапыкеев чогулгандарга кайрылып "Кыргызстандын" арызын караган сот адилет болушу керектигин, болбосо чоң чыр чыгарын эскертти.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG