Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:55
Жогорку соттун алдына митингге чыккандар. 1-сентябрь.
Жогорку соттун алдына митингге чыккандар. 1-сентябрь.

Жогорку сот «Кыргызстандын» пайдасына чечим чыгарды

БШК 24-августта партиялардан тийиштүү документтерди кабыл алууну жыйынтыктап, 17 партия эрежелерди аткарганы расмий кабарланган. Бирок документ тапшырууда мыйзам бузган деген негиз менен «Кыргызстан» партиясынын документтери 25-августта артка кайтарылган.

«Кыргызстан» БШКнын чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна кайрылып, 27-августта судья Чолпон Досмамбетова партиянын арызын канааттандырган. Бул чечимге каршы болгон БШК Жогорку сотко арызданган. Боршайкомдун арызын кароо боюнча сот жараяны 1-сентябрда саат 16:00дө башталды.

15:12 1.9.2020

Акцияга жарандык активисттер, парламенттик шайлоого бараткан айрым партиялардын мүчөлөрү катышууда. Алар бийлик шайлоодо бардык саясий партияларга бирдей шарт, мүмкүнчүлүк түзүп бериши керектигин айтып, Жогорку соттон «Кыргызстан» партиясын шайлоодон четтетүүнү талап кылып жатышат.

Митингге чыккандар шайлоонун үгүт иштери баштала электе эле айрым жерлерде акча таратыла баштаганын, ага Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) чара көрбөй жатканын сынга алышууда.

Ошол эле кезде Жогорку соттун имаратынын жанына «Кыргызстан» партиясынын тарапташтары да чогулууда.

Түз эфир

15:11 1.9.2020

15:05 1.9.2020

«Көчмөн Номад» коомдук фонду «Кыргызстан» саясий партиясына каршы Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз менен кайрылды. Бул тууралуу маалымат фонддон алынды.

БШКга берилген арызда «Кыргызстан» партиясы шайлоого тиешелүү документтерди жана талапкерлердин тизмесин мыйзамда белгиленген убакта жана партиянын Боршайкомдогу өкүлү тапшырбаганы жазылган.

Коомдук фонд ушундан улам сөз болуп жаткан саясий уюмдун шайлоого катышуусуна уруксат берилбеши керек деп эсептейт. Арызда партиянын документтерин «Кыргызстан» фракциясынын Жогорку Кеңештеги катчылыгынын кызматкери Аманкул Токтогулов деген адам тапшырганы, бул шайлоодо административдик ресурсту колдонуу деп бааланары жазылган.

«Кыргызстан» партиясынын лидери Канатбек Исаев буга чейин партиянын документтерин анын БШКдагы өкүлү Элвира Абелдиева эмес, фракциянын Жогорку Кеңештеги катчылыгында иштеген адам тапшырганын айткан. Исаев ал Боршайкомго ишеним кат менен барганын жана партиянын шайлоо штабында иштеп жатканын билдирген.

БШК 24-августта партиялардан тийиштүү документтерди кабыл алууну жыйынтыктап, 17 партия эрежелерди аткарганы расмий кабарланган. Бирок документ тапшырууда мыйзам бузган деген негиз менен «Кыргызстан» партиясынын документтери 25-августта артка кайтарылган.

«Кыргызстан» БШКнын чечимине каршы Бишкектин административдик сотко кайрылган. Аталган сот 27-августта партиянын арызын канааттандырган. Бул чечимге каршы болгон БШК Жогорку сотко арызданган. Боршайкомдун арызы 1-сентябрда каралып жатат.

15:04 1.9.2020

«Кыргызстан» партиясы боюнча БШКнын доо арызы Жогорку сотто каралууда. Ал арада сыртта партиянын атаандаштары, тарапташтары митинг өткөрүп жатышат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG