Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:36
Жогорку соттун алдына митингге чыккандар. 1-сентябрь.
Жогорку соттун алдына митингге чыккандар. 1-сентябрь.

Жогорку сот «Кыргызстандын» пайдасына чечим чыгарды

БШК 24-августта партиялардан тийиштүү документтерди кабыл алууну жыйынтыктап, 17 партия эрежелерди аткарганы расмий кабарланган. Бирок документ тапшырууда мыйзам бузган деген негиз менен «Кыргызстан» партиясынын документтери 25-августта артка кайтарылган.

«Кыргызстан» БШКнын чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна кайрылып, 27-августта судья Чолпон Досмамбетова партиянын арызын канааттандырган. Бул чечимге каршы болгон БШК Жогорку сотко арызданган. Боршайкомдун арызын кароо боюнча сот жараяны 1-сентябрда саат 16:00дө башталды.

19:28 27.8.2020

"Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Талант Мамытов сот БШКнын чечими жокко чыкканын журналисттерге билдирди. Мамытов сот "мыйзамга туура келген жана адилеттүү чечим" чыгарганын айтты.

19:12 27.8.2020

Бишкектин административдик соту «Кыргызстан» партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) каршы жазган арызына карата чечимди уктуруу жараянына журналисттер киргизилбей жатат.

27-августта түштөн кийин башталган отурумду судья Чолпон Досмамбетова карап, кечки саат жетиде чечим угузулары айтылды. Бирок чечим чыгаруу учурунда журналисттерге сот залын жаап коюшту. Кабарчылар нааразылык билдирип, анын себебин сурады. Эч ким түшүндүрмө берген жок.

18:52 27.8.2020

18:43 27.8.2020

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG