Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:15
Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка шайлады

Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Кыргызстандын өкмөт башчысы болуп шайланды.

Садыр Жапаров өкмөттүн программасы да, курамы да азырынча өзгөртүлбөй турганын, азыр иштеп жаткандардын баары ордунда кала берерин билдирди.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бул өкмөттүн курамы менен иштебей турганы белгилүү болду.

Садыр Жапаров Кумтөр кенин мамлекетке кайтаруунун зарылчылыгы жок экенин ушул жыйынында айтты. Ал бул идеяны сегиз жыл мурда көтөргөнүн, азыр анын мааниси кеткенине токтолду.

Журналисттердин бир топ суроолоруна жооп берди.

20:03 10.10.2020

20:02 10.10.2020

Садыр Жапаров: Жакын арада жаштарды бийликке кошобуз. Саясий күчтөрдү бириктиргенге аракет кылам.

20:00 10.10.2020

Садыр Жапаров: Биз баары менен сүйлөштүк. Биригели деген сөздөр болду. Бирок баары эле кызматты көздөйт экен.

19:58 10.10.2020

Садыр Жапаров: "Спутникке" баргандар менин тарапташтарым эмес. Алар биздин оппоненттерибиз. Кечээ Алмазбек Атамбаевдин машинесин аткандар өзүнүн балдары болуп чыкты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG