Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:56
Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка шайлады

Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Кыргызстандын өкмөт башчысы болуп шайланды.

Садыр Жапаров өкмөттүн программасы да, курамы да азырынча өзгөртүлбөй турганын, азыр иштеп жаткандардын баары ордунда кала берерин билдирди.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бул өкмөттүн курамы менен иштебей турганы белгилүү болду.

Садыр Жапаров Кумтөр кенин мамлекетке кайтаруунун зарылчылыгы жок экенин ушул жыйынында айтты. Ал бул идеяны сегиз жыл мурда көтөргөнүн, азыр анын мааниси кеткенине токтолду.

Журналисттердин бир топ суроолоруна жооп берди.

19:56 10.10.2020

Садыр Жапаров: "Азаттык" анча-мынча маалыматтарды бурмалап берип атасыздар.

Ар бир журналист коррупцияны иликтеп, фактыларды бергиле. Мындан ары силерге таянам.

19:32 10.10.2020

Садыр Жапаров: Кумтөрдү мамлекетке кайтаруу кажети жок

Жогорку Кеңеш премьер-министр катары сунушталып жаткан Садыр Жапаров Кумтөр кенин мамлекетке кайтаруунун зарылчылыгы жок деп эсептейт. Бул тууралуу Жапаров парламенттин ушу тапта өтүп жаткан кезексиз жыйынында айтты:

“Кумтөрдү сегиз жыл мурда алсак болот эле. Азыр кеч болуп калды. Андан бери запасы калбай деле калды. “Центерраны” аягына чейин иштетип, бузулган тоолорду калыбына келтиртүү зарыл".

Жапаров парламенттик шайлоодон кийинки нааразылык учурунда абактан бошонуп чыккан. 6-октябрда аны парламенттин депутаттар тобу премьерликке сунуштаганы маалым болду. Жапаров Кумтөр алтын кенин мамлекетке кайтарып алуу тууралуу чакырыктары менен белгилүү саясатчы.

19:28 10.10.2020

Мирлан Бакиров: Биз бир топ эл аралык уюмдарга мүчөбүз. Өкмөттүн иши жашоо-турмушту оңдоо болушу керек.

Президент тууралуу сөз болду. Ал киши дагы салымын кошту. Кайра-кайра бир кетменди тебелей бербей алдыга жылышыбыз керек.

19:25 10.10.2020

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев өкмөттүн бул курамында болбойм дегенин Садыр Жапаров билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG