Ошто көпчүлүк калемгерлер Сулайман-Тоонун элесин жана анын фонунда калааны кагазга түшүрүүнү салт кылып алышкан. Аймактагы ар бир сүрөтчүдө сөзсүз тоо тартылган бир-эки сүрөт бар. Муну алар тоонун чыгармачыл адамдарга өзгөчө илхам тартуулаганы менен байланыштырышат.
Сулайман-Тоо калемгерлердин сүрөттөрүндө
![Оштун башкы символу болгон Сулайман-Тоону бул чөлкөмдө кагазга түшүрбөгөн сүрөтчү деле болбосо керек.](https://gdb.rferl.org/0fe7501e-a136-420d-a8f6-33ed0c73ba5d_w1024_q10_s.jpg)
1
Оштун башкы символу болгон Сулайман-Тоону бул чөлкөмдө кагазга түшүрбөгөн сүрөтчү деле болбосо керек.
![ Ал тургай карандаш менен эптеп сүрөт тарткан катардагы калемгерлер деле тоонун элесин жок дегенде бир жолу чиймелеп көргөн.](https://gdb.rferl.org/5b6856f9-a50f-48b9-87ac-7438012d597a_w1024_q10_s.jpg)
2
Ал тургай карандаш менен эптеп сүрөт тарткан катардагы калемгерлер деле тоонун элесин жок дегенде бир жолу чиймелеп көргөн.
![ Тоонун элесин сүрөтчүлөр ар кандай боектор менен, ар кайсы ракурста тартканды жакшы көрүшөт.](https://gdb.rferl.org/75b40b19-b4fb-4387-a83b-bb1b30f4f2c4_w1024_q10_s.jpg)
3
Тоонун элесин сүрөтчүлөр ар кандай боектор менен, ар кайсы ракурста тартканды жакшы көрүшөт.
![Көбүнчө алар Сулайман-Тоонун чыгыш тарабынан тартышат. Анткени күн чыкканда калаа жана тоо өзгөчө сыйкырдуу көрүнөт.](https://gdb.rferl.org/6bfea6aa-9a71-4591-915b-1ddc9ae86a00_w1024_q10_s.jpg)
4
Көбүнчө алар Сулайман-Тоонун чыгыш тарабынан тартышат. Анткени күн чыкканда калаа жана тоо өзгөчө сыйкырдуу көрүнөт.
![Сулайман-Тоонун эзелтеден Фергана өрөөнүнүн жана Борбор Азиянын этникалык тургундарынын тарыхый, рухий жана маданий биримдигин чагылдыруучу сыпаты белгилүү.](https://gdb.rferl.org/a0760426-94c6-4e68-a6fc-9dde8a36a372_w1024_q10_s.jpg)
5
Сулайман-Тоонун эзелтеден Фергана өрөөнүнүн жана Борбор Азиянын этникалык тургундарынын тарыхый, рухий жана маданий биримдигин чагылдыруучу сыпаты белгилүү.
![А бул Ош шаарынын базары. Фонунда Сулайман-Тоо.](https://gdb.rferl.org/5244acc6-65d4-4cf9-99d6-abbf591e9114_w1024_q10_s.jpg)
6
А бул Ош шаарынын базары. Фонунда Сулайман-Тоо.
![А бул тоо элесинин фонундагы экинчи борбор калаанын илгерки көчөлөрү жана үйлөрү.](https://gdb.rferl.org/f52020c8-8206-45e6-9387-e09e4da3583e_w1024_q10_s.jpg)
7
А бул тоо элесинин фонундагы экинчи борбор калаанын илгерки көчөлөрү жана үйлөрү.
![ "Сулайман-Тоо ынтымактын символу" деген аталышта фестиваль Ошто эки жылда бир өткөрүлүп турат. ](https://gdb.rferl.org/1e6c3aa5-baf6-4433-b81e-65527e6fba8d_w1024_q10_s.jpg)
8
"Сулайман-Тоо ынтымактын символу" деген аталышта фестиваль Ошто эки жылда бир өткөрүлүп турат.
![Дүйнө мурасынын эстелиги болгон Сулайман-Тоо Ош шаарынын тарыхый бөлөгүнүн борборунда жайгашкан.](https://gdb.rferl.org/91ebf111-9b9e-4f7f-bd20-189f2af5cf5d_w1024_q10_s.jpg)
9
Дүйнө мурасынын эстелиги болгон Сулайман-Тоо Ош шаарынын тарыхый бөлөгүнүн борборунда жайгашкан.
![Сулайман-Тоонун уникалдык тарыхый жана рухий маанилүүлүгү эл-аралык деңгээлде кабыл алынган. ](https://gdb.rferl.org/a87a4083-5662-4857-8969-b270ab921bd4_w1024_q10_s.jpg)
10
Сулайман-Тоонун уникалдык тарыхый жана рухий маанилүүлүгү эл-аралык деңгээлде кабыл алынган.
![А бул Алымбек Датканын медресесинин фонунда тартылган тоо. Бул медресе азыр жок. ](https://gdb.rferl.org/fadd40c8-a011-46b7-b7a0-504946f924ae_w1024_q10_s.jpg)
11
А бул Алымбек Датканын медресесинин фонунда тартылган тоо. Бул медресе азыр жок.
![2009-жылдын 26-июнунда ЮНЕСКОнун Испаниядагы 33-жыйында Сулайман-Тоону Дүйнөлүк мурас тизмесине “Касиеттүү тоо” номинациясы боюнча киргизилген.](https://gdb.rferl.org/c7af7d3e-9d1a-486f-9467-c5f4116165e1_w1024_q10_s.jpg)
12
2009-жылдын 26-июнунда ЮНЕСКОнун Испаниядагы 33-жыйында Сулайман-Тоону Дүйнөлүк мурас тизмесине “Касиеттүү тоо” номинациясы боюнча киргизилген.
![А бул тоонун фонунда тартылган кыздын портрети.](https://gdb.rferl.org/708f3927-7f8a-466a-86eb-b631ffa01e63_w1024_q10_s.jpg)
13
А бул тоонун фонунда тартылган кыздын портрети.
![Бул чыгармада Ош шаарынын тарыхый көрүнүшү чагылдырылган.](https://gdb.rferl.org/5adae669-04e5-4294-8fc2-e610279821ec_w1024_q10_s.jpg)
14
Бул чыгармада Ош шаарынын тарыхый көрүнүшү чагылдырылган.
![Бул да экинчи борбор калаанын илгерки көрүнүшү. Жалпак там салынган маалелерде мурдараак эле үйлөрдүн экинчи кабаты жыгачтан салынчу.](https://gdb.rferl.org/efa527d6-d756-4300-844e-d54f4a7771eb_w1024_q10_s.jpg)
15
Бул да экинчи борбор калаанын илгерки көрүнүшү. Жалпак там салынган маалелерде мурдараак эле үйлөрдүн экинчи кабаты жыгачтан салынчу.
![Кокон хандыгынын тушундагы Ош шаарында жайгашкан мечиттердин көрүнүшү.](https://gdb.rferl.org/bf610100-e93f-4248-a99e-14b8c52720ab_w1024_q10_s.jpg)
16
Кокон хандыгынын тушундагы Ош шаарында жайгашкан мечиттердин көрүнүшү.
![Бул Ош шаардык кеңешинде жайгашкан сүрөт. Мэрияда жана башка мамлекеттик мекемелерде да Сулайман-Тоонун сүрөтүн көп кезиктирүүгө болот. ](https://gdb.rferl.org/45cf1c74-4f1f-40f2-9dfb-0a32c71a58f6_w1024_q10_s.jpg)
17
Бул Ош шаардык кеңешинде жайгашкан сүрөт. Мэрияда жана башка мамлекеттик мекемелерде да Сулайман-Тоонун сүрөтүн көп кезиктирүүгө болот.
![Бирок Сулайман-Тоонун, Ош шаарынын сүрөттөрү негизинен калаадагы Тургунбай Садыков атындагы музейде сакталып турат.](https://gdb.rferl.org/9041bb38-44f9-43b7-9434-d8c6b43627c4_w1024_q10_s.jpg)
18
Бирок Сулайман-Тоонун, Ош шаарынын сүрөттөрү негизинен калаадагы Тургунбай Садыков атындагы музейде сакталып турат.
![Музейде жыл бою ар кандай багыттарда көргөзмөлөр уюштурулуп турат. ](https://gdb.rferl.org/4a009cf0-c261-4397-8e32-a0fa9c91851e_w1024_q10_s.jpg)
19
Музейде жыл бою ар кандай багыттарда көргөзмөлөр уюштурулуп турат.
![Музей 2004-жылы ачылган.](https://gdb.rferl.org/ddc22d44-a820-4788-bef4-3ab3b9c84dad_w1024_q10_s.jpg)
20
Музей 2004-жылы ачылган.