Нооруз майрамына карата көк бөрүдөн сырткары Чолпон-Ата шаарында ат оюндары, эр эңиш, салбуурун, бүркүт салуу жана жаа атуу боюнча да мелдештер өттү.
Көк бөрү: "Ынтымактын" жеңиши
21-мартта Чолпон-Ата шаарында Нооруз майрамына арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдеште жогорку лигада Таластын “Ынтымак” командасы жеңүүчү аталды. Бул команда финалда Оштун “Достук” командасын жеңип алды. “Нооруз-2021” мелдеши коомдук ишмер, экс-депутат Болот Шердин жана белгилүү кинорежиссерлор Болот Шамшиев, Темир Дүйшекеевдин жаркын элестерине арналды.
Нооруз майрамына карата көк бөрүдөн сырткары Чолпон-Ата шаарында ат оюндары, эр эңиш, салбуурун, бүркүт салуу жана жаа атуу боюнча да мелдештер өттү.




"Ынтымак" менен “Достук” командалары финалда ойношту. Оюндун негизги убактысы 4:4 эсебинде тең чыгуу менен аяктап, булитте 6:5 эсебинде таластык улакчылар жеңишке жетти.

Биринчи таймда таластыктар эки улакты тайказанга салып, алдыга чыгышты. 2-таймда “Достук” оюнчулары эсепти теңегенге жетишти. 3-тайм башталганда “Достук” удаасы менен эки улакты тайказанга салса, “Ынтымак” эки улакты тайказанга кошумча салып, эсепти теңеди.
Кошумча берилген 10 мүнөт убакытта да жеңүүчү аныкталган жок. Жыйынтыгында буллитте "Ынтымак" оюнчулары алты улакты тайказанга салса, "Достук" оюнчуларынын салымы беш улак болду.










