«Азаттыктын» Нарындагы кабарчысы Мирлан Кадыровдун айтымында, жергиликтүү тургундар жол боюна тогуз боз үй тигип алышкан. Учурда боз үйлөрдүн биринде Ички иштер министрлигинин жана өкмөттүн өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Кенге каршы чыккандар жол тосууга камынууда
Нарындагы Кара-Чий айылынын жанына чогулган эл Солтон-Сары жайлоосундагы алтын кенди жабууну талап кылып турушат.

1
Нарын районунда Солтон-Сары кенин иштетүүгө каршы чогулуп тургандардын лидерлери менен жергиликтүү бийлик башчылары жолукту.

2

3
Жолугушууга облустун, райондун, күч органдарынын жетекчилери катышты.

4

5
Кытайлык компанияга нааразы болгон 600-700гө чукул жергиликтүү адам ишти токтотууну талап кылып 5-августта нааразылыкка чыккан. Ошол күнү чыр тутанып, 47 кытай жараны, бир жергиликтүү тургун жабыркаган.

6
Солтон-Сары алтын кениндеги кытай-кыргыз «Zhong Ji Mining Company» тоо-кен компаниясынын иши токтотулганын 7-августта вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго таянып өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

7

8
«Zhong Ji Mining Company» Бишкектен 355 чакырым аралыкта, деңиз деңгээлинен 3600 метр бийиктикте жайгашкан Солтон-Сарыда 2009-жылдан тартып иштейт.

9

10
Солтон-Сары кени Бучук жана Алтын-Төр деген эки участоктон турат.