Эгер маселе жаз алды менен чечилбесе, айыл жаштары митингге чыгууга даяр экенин билдиришүүдө. Алар өткөн жумаларда нааразылык акциясына да чыгып, өкмөткө кайрылышкан. Ал эми жалпы Ысык-Көлдө жерди трансформациялоо маселесинин чечилишин күткөн 15 миңден ашуун жаран бар.
35 жаштагы Фархад Ыдырысов - үч баланын атасы. Ал үй-бүлөсү менен Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында жеке үйдү ижарага алып жашайт. Анын айтымында, үйлөнгөндөн бери жер алып, там сала албай убара.
«Биз деле эл сыяктуу беш кой, бир уй багып, жан багалы деп тилек кылып жатабыз, - деди ал. - Бирок жер жок үй сала албай убарамын. Айлам кеткенде айылдын жаштары менен чогулуп айыл өкмөткө кайрылдык. Андан тышкары «элди чогулткула, биз курултай кылып, ошол жерден маселени чечели» дедик. «Жер бергиле» деп ушуну менен төртүнчү айыл өкмөткө айтып келе жатабыз. Улам бири «мына чечилет» деп айтканы менен аягына чыкпай калып жатат».
Фархаддын үйлөнгөнүнө 15 жылдан ашты. Анын айтымында, жер тилкесин күтүп, ушул күнгө чейин ала албай келген айылдаш агалары да бар.
«Биздин айылдагы кээ бир үй-бүлөлөр үйү жоктугунан улам бойго жеткен кыздарын турмушка узатып атканда башка бирөөлөрдүн үйлөрүн ижарага алганга аргасыз болуп жатышат. Анан айла жок, жашаган бир бөлмө батиринде куда тосуу мүмкүн эмес да. Жерди сатып алайын десең кем дегенде 400 миң сом болуп жатат. Ал акчага жер алгыча, өкмөт эгер жер берсе, үй тургузуп алган оң. Анын үстүнө айыл үчүн бул чоң акча. Эми тилегибиз чоң, маселе чечилип калса анда жакшы».
Теплоключенка айылынын калкынын саны бүгүнкү күндө 13 миң 711 адамды түзөт. Алардын ичинен 1846 үй-бүлө жер алууга кезекке турган. Аталган айыл аймактын башчысынын орун басары Рашида Садырованын маалыматына караганда, 2008-жылдан бери жерди трансформациялоо маселеси чечилбей турат. Азыркы учурда ар бир күнү аз дегенде 6-7 айыл тургуну жер сурап, кезекке туруп жатат.
«Бизде чындыгында жеке турак жай салууга зарыл болгон жер маселеси курч, - деди ал. - Биз буга байланыштуу айыл өкмөттүн балансында турган 99 гектар жердин тийиштүү документтерин даярдап, трансформация кылууга болот деген максат менен өкмөткө жөнөттүк. Эгер маселе оңунан чечилип калса, кезекте турган ар бир жаран 5 сотыхтан жер ала алат, ал үчүн жергиликтүү кеңештин депутаттарынын токтомун да даярдап койдук».
Ал эми жалпы Ак-Суу району боюнча жер алууга кезек күткөн 6 миңден ашык тургун бар. Райондук акимияттын экономиканы өнүктүрүү секторунун башчысы Баялин Садабаевдин айтымында, бул үчүн жалпы район боюнча 702 гектар жер трансформациялоого даярдалган.
Өкмөт тарабынан 2009-жылдын 31-июлуна чейин сугат жерлерин алууга мораторий жарыяланганына карабастан, 1990-жылдан бери эл ар кандай жолдор менен үйлөрдү салып келе жаткан экен. Эми аларды мыйзамдаштырыш үчүн өкмөттүн 2018-жылдын 31-октябрындагы №512 токтому менен мурдагы берилбей жаткан сугат, айдоо жерлерин мыйзамдаштыруу тартиби кабыл алынган. Мындай маселе Ысык-Көл облусунун бүт айылдарында бар экенин айткан өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Дамир Моңолдоров бул багытта иштердин аткарылышы бир топ убакытты талап кыларын эске салды:
Айрым учурда баалуу жерлер Жогорку Кеңештин кароосуна чейин жетип жатат.
«Кээ бир жерлер өзгөчө баалуулукка ээ, сугат жерлер. Мындай жерлерди айылдын өнүгүшү үчүн трансформациялоого мыйзам тыюу салган. Бирок болбой эле ушундай аралашып кирип калган жерлер трансформациядан өтпөй келет. Мурда таштак, айыл чарбасына кунарсыз жерлер райондун деңгээлинде чечилип жаткан болсо, азыр өкмөттүн деңгээлинде каралып жатат. Мындан улам документти иретке келтирүү процесси бир топ убакытты талап кылып коюп жатат. Айрым учурда баалуу жерлер Жогорку Кеңештин кароосуна чейин жетип жатат. Эл басып алып, мыйзамсыз үй салган учурларды чечүү оңой эмес».
Ысык-Көл облусунда айыл чарба багытындагы 191 миң гектар жер бар. 2019-жылдын жыйынтыгы менен облус боюнча 1663 гектар жер трансформацияланууга тийиш деп, документтери даярдалып, өкмөттүн жер комиссиясына кароого жиберилген. Анын ичинен Тоң районундагы 102 гектар жер трансформацияланса, калганы комиссиянын кароосунда турат. Ал эми Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын жаштары март айында жерди трансформациялоо иштери жыйынтыкталып, ушул жыл менен үй салабыз деген үмүт менен турушат.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.