Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда Нооруз майрамына карата көкбөрү боюнча мелдеш башталды. Командалар жогорку жана биринчи лигаларга бөлүнүп ойноп жатышат.
Жогорку лигага алты команда: "Ынтымак", "Достук", "Сары-Өзөн", "Жаш күч", "Мурас" жана "Ала-Тоо" катышууда. Ал эми биринчи лигада өлкө аймагынан келген 21 команда төрт тайпага бөлүнгөн. Мелдештин финалдык оюндары 21-мартка белгиленген. Сүрөт Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигине таандык.
Нооруз: Көк бөрү мелдеши башталды

1
Жогорку лигада алты команда: "Ынтымак", "Достук", "Сары-Өзөн", "Жаш күч", "Мурас" жана "Ала-Тоо" катышууда. Учурда алар эки тайпага бөлүнүп, ойноп жатышат.

2
Көк бөрү боюнча “Нооруз 2021” мелдешинин оюндары Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтүп жатат.

3
Мелдештин биринчи күнүндө "Сары-Өзөн" командасы "Жаш күч" командасын 11:6 эсебинде жеңди.

4
"Сары-Өзөн" жана "Жаш күч" командаларынын оюнчулары беттеш учурунда.

5
17-мартта "Достук" менен "Ала-Тоо" командалары беттешип, 7:2 эсебинде "Достук" командасы жеңишке жетти.

6
Мелдештин финалдык оюндары 21-мартка белгиленген.

7

8
Бүгүн, 18-мартта жогорку лигада "Жаш күч" командасы "Ынтымак" командасы менен күч сынашат. Андан соң "Мурас" жана "Ала-Тоо” командалары беттешет.

9

10
Биринчи лигада өлкө аймагынан келген 13 команда төрт тайпага бөлүнүп ойноп жатат. Мелдеш 21-мартта жыйынтыкталат.

11
"Достук" командасынын атактуу күлүгү "Бойка" беттеш учурунда.

12

13
“Нооруз 2021” мелдеши коомдук ишмер, экс-депутат Болот Шер жана белгилүү кинорежиссерлор Болот Шамшиев, Темир Дүйшекеевдин жаркын элесине арналат.

14
"Достук" жана "Ала-Тоо" командаларынын беттеши.

15
Нооруз майрамынын урматына уюштурулган көкбөрү мелдеши былтыр коронавирус пандемиясына байланыштуу өтпөй калган.