Мамлекеттик экотехинспекциянын өкүлдөрү жүйө келтиргендей, имараттын эксплуатациясы мамлекеттик комиссия тарабынан кабыл алынган эмес. Демек ал жерде иштегенге болбойт. Бир айдын ичинде ал кемчиликтер жоюлбаса Жүрөк-кан тамыр хирургиясынын илимий борбору жабылат. Мекеменин жетекчилиги каржылоонун айынан оңдоо жумуштары кечигип, аргасыздан толук бүтпөгөн имаратта иштөөгө туура келип жатканын айтууда.
Мамлекеттик экотехинспекциянын Сузак райондук жана Жалал-Абад шаардык аймактык башкармалыгы шаарда жайгашкан Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургия илимий борборуна бүтө элек имаратка кирип алгандыгы үчүн эскертүү берди. Башкармалыктын башкы инспектору Эмилбек Мурзалиев жаңы курулган же капиталдык оңдоодон өткөн имарат мамлекеттик комиссиянын кабыл алуусунан өткөнгө чейин пайдаланууга берилбей турганын айтты:
- 18-сентябрда борборго барып, жеринде акт түзүп келдик. Анткени имарат мамлекеттик кабыл алуу комиссиясынан өтүп, андан соң ишке берилиши керек болчу. 11-пункт менен аларга эскертүү кагазын тапшырып, кемчиликтерди жоюш үчүн бир айлык мөөнөт бердик. Кийинки жумадан тартып адистер менен барып, дагы текшерүүгө алабыз. Эгерде биринчи кабаты толук бүтсө, аны өзүнчө пайдаланууга берсе болот. Комиссия карап чыгып чечиши керек. Эгер талаптарга жооп бербесе имаратты жабууга туура келет.
Жалал-Абад шаарындагы Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясынын илимий борбору 2011-жылы облустук кан борборунун имаратынын бир бурчунда ачылган. Орун тартыштыгынан улам 2015-жылы калаанын Мамыр Баатыр көчөсүндөгү бош жаткан 3 кабаттуу имарат ушул борборго өткөрүлүп берилген. Негизи ал имарат мурда Кадыржан Батыровго таандык экени айтылып, кийин мамлекеттештирилген. Борбордун башкы дарыгери Кайрат Эргешов биринчи кабатын дарыгерлер өз күчү менен оңдоп, иштөөгө туура келгенин билдирди:
- 2016-жылы бизге 44 млн. сомдук ангиография аппараты берилген. Аны иштетип алыш үчүн министрлик тарабынан 4 млн. сом каражат да бөлүнгөн. 2017-жылы дарыгерлердин күчү менен уюштурулган марафондон 2 млн. сом чогулуп, ал каражатка биринчи кабатын оңдоодон өткөрүп алдык. Кымбат баадагы аппаратты ишке түшүрбөсөк биз кылмыш кылган болуп калат элек. Ошол себептүү имарат толук бүтпөсө да иштетүүгө туура келди. Ошол аппараттын жардамы менен оор абалда инфаркт миокард менен келген бейтаптардын өмүрүн сактап калганга аракет кылып жатабыз.
3 кабаттуу кардиология борборун оңдош үчүн бир топ жыл мурун эле 70 млн. сомго долбоор жазылыптыр. Бирок каражат жогунан иш жылбай токтоп турат. Ага карабай кардиологдор жылына ушул жерде 300дөн ашык бейтапка операция жасашат. Мекеменин башкы дарыгери Кайрат Эргешов борбор жабылып калса бейтаптар кыйналып каларын эскертти:
- Маалыматтарга караганда дүйнө жүзүндө жүрөк оорусунан каза тапкандардын саны боюнча Кыргызстан алдыңкы орунда турат. Биз ошол жагдайды азайтуу максатында колдон келген аракет менен бейтаптарга жардам берип жатабыз. Толук бүтпөгөн имаратта күн сайын ангиографиянын жардамы менен эки-үчтөн бейтапка операция жасалып жатат. Ошолордун бирөөсү курч инфаркт илдети менен келет. Мамэкотехинспекциянын эскертүүсүн да туура кабыл алып жатабыз. Бирок имарат толук бүтпөй, бизде аргасыздык болуп жатат. Жабылып калса бейтаптарга эле оор болот. Шарты барлар Бишкек шаарына барат. Калгандары төшөктө жатып кайтыш болушат. Жыл сайын депутаттар жана башка мамлекеттик кызматкерлер келип таанышып кетишет, бирок маселе чечилген жери жок.
Жогорку Кеңештин 2017-жылдын ноябрь айындагы «2018-жылдын бюджети жана келерки жылдарга долбоорун бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык Жалал-Абад шаарындагы Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясынын илимий борборун оңдош үчүн 50 млн. сом каражат табуу өкмөткө табышталган. Бирок жакынкы 3 жылдан бери оңдоо иштерине каражат карала элек. Саламаттык сактоо министрлигинин байкоочу кеңешинин төрайымы Нурхан Жумабаева мындай маалымат берди:
- Ушул жылдын май айында мен борбор менен таанышып келип, бул маселени министрликтин алдына койгонмун. Өзүмдүн атымдан кайрылуу да жазылган. Бирок бардык маселе каражатка барып такалууда. Өкмөт, Жогорку Кеңеш биргелешип бул маселени чечип берсе болмок. Оорукананын аймактык маанисин да эч ким эске албай жатат.
Статистика боюнча Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр ооруларынын кесепетинен көз жумгандар көбөйүүдө. Өлгөндөрдүн 52 пайызы жүрөк-кан тамыр оорусунан жабыркагандар. Кардиологдордун билдирүүсүнө караганда Кыргызстанда жылына жүрөккө миңге жетпеген операция жасалат. Адистер бул элге керектүү болгон жардамдан алты эсе аз экенин айтып жатышат. Өлкөдө жүрөккө операция жасаган 5 борбор болсо, алардын экөө Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында жайгашкан мамлекеттик илимий борборлор.