24-апрелдеги парламент сессиясында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев былтыр Кыргызстандын ички дүң өнүмү 3,5% өскөнүн билдирди. Ошол эле учурда чет элдик түз инвестициялардын келиши 7,6% азайган. Ал эми калктын өкмөткө болгон ишеним индекси 0,6% төмөндөгөн.
Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште 2018-жыл өкмөт үчүн олуттуу сыноолордун жылы болгонун айтты.
Муну ал 2017-жылдын аягында кыргыз-казак чек арасында жүк ташыган автоунаалардын бир айлап туруп калышы жана Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) кырсык болуп, шаардыктар жылуулуксуз калганы менен байланыштырды. Ал аткаруу бийлигинин бир жылдык иши тууралуу баяндамасында былтыркы экономикалык көрсөткүчтөр боюнча буларга токтолду:
«Макроэкономикада Кыргызстандын ички дүң өнүмү 557,1 млрд. сомду түзүп, 3,5 өстү. Ал эми өсүш 2,8% деңгээлинде болжолдонгон. Экономиканын бардык тармактарында өсүш камсыз болду: курулушта 7,8%, өнөр жайында 5,5%, айыл чарбасында 2,7%, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө 2,1% өсүш катталды. ИДӨнүн калктын киши башына бөлүнүшү 3% өстү. Ички дүң өнүмдүн көлөмү негизги соода өнөктөштөрүбүз болгон Орусияда – 2%, Казакстанда – 4,1%, Белоруста –3% болду. 2018-жылдын ичинде тышкы карызды 265 млн. долларга азайтканыбыз менен анын көлөмү абдан эле көп – 3,8 млрд. доллар. Былтыр ички дүң өнүмгө карата карыз кооптуу чектен бир кыйла ылдый түшүрүлдү, же 53,1 пайыздан 48% чейин азайттык».
Ошол эле учурда былтыр чет элдик түз инвестициялардын келиши 570 млн. долларды түзүп, 7,6% азайган. Абылгазиев түз инвестициялардын азайышын «бул бүтүндөй дүйнө экономикасындагы маселе» деп баалады. Кытайдан кирген инвестиция жалпы тышкы инвестициянын 43% же башкача айтканда 245,4 млн. долларды түзөт.
Былтыр элдин өкмөткө болгон ишеним индекси төмөндөп кеткени белгилүү болду. Абылгазиев муну «аткаруу бийлиги пиар менен алектенбегени үчүн» деп түшүндүрдү:
«Калктын ишеним индекси 0,6% төмөндөгөн. Бирок бул мыйзам ченемдүү жана объективдүү процесс. Бул көрсөткүчкө өкмөттүн пиар менен алектенбей, тынымсыз иштей бергени таасир этти деп ойлойбуз. Өкмөт бүгүн коомчулук үчүн ачык. Биринчи күндөн тартып биз бардык мамлекеттик органдардын ишинин ачык-айкын болушуна умтулдук, элдин көйгөйлөрүн ыкчам чечиш үчүн болгон аракеттерди жасадык».
Былтыр республикалык бюджеттин кирешеси – 135,4 млрд. сомду түзүп, 2017-жылга салыштырмалуу дефицит 10,7 млрд. сомго азайган. Ал эми чыгашасы 142,7 млрд. сомду түзгөн. Абылгазиев өлкө экономикасы дагы эле Кумтөрдөгү алтын кенине көз каранды экенин моюнга алды.
Энергетика тармагынын карызы 102 млрд. сомго чыкты - бул мамлекеттик бюджеттин дээрлик жарымынан көбүн түзөт. Мамлекет быйыл бул карыздын 4,6 млрд. сомун төлөшү керек, ал эми карыз төлөөнүн жогорку чеги 2025-жылы 10,3 млрд. сомго чыгат.
Депутаттардын басымдуу бөлүгү өкмөттүн отчётун колдой турганын алдын ала эле жарыялашты. Абылгазиевдин отчётун сындаган саналуу депутаттардын бири Умбөталы Кыдыралиев буларды белгиледи:
«Биз факты менен сүйлөсөк жакшы болот эле. Анткени бир жылдан бери коюлган маселелерге «жакында, эртең» деген жооптор болуп атат. Мындай жооптор болбойт. Биз отчётту кабыл алгандан кийин сунуштарды беребиз. Анын аткарылышы боюнча убакытты коюш керек. Мухаммедкалый Дүйшекеевич, декларативдүү түрдө отчёт бердиңиз. Ошол эле коррупция боюнча деле айтып берем. Эми унчукпай эле отурабыз. Бирок муну карабасак болбойт».
Депутат Кенжебек Бокоев өкмөт башчынын баяндамасында коррупциялашкан мамлекеттик органдар менен өз ишин жөндөй албай жаткан министрлер боюнча маселе көтөрүлбөгөнүн сынга алды:
«Салык, бажы кызматтарында коррупциялашкан схемалар бар. Кыргыз-казак чек арасында, Орусия менен болгон маселеде биздин Мамлекеттик бажы кызматы тууралуу сөз болуп атат. Орчундуу маселе катары мына ушулар айтылган жок. Бирөө 1000 доллар алып жаткан жеринен кармалды дешет. Бирок бул чоң коррупциялык иш эмес да! Мына ушуларды Жогорку Кеңештин токтомуна киргизип, квартал сайын сурашыбыз керек. Анткени жыл сайын эле отчётту колдойбуз, ал декларативдүү түрдө эле өтүп жатат. Сиз (ред: Мухаммедкалый Абылгазиев) бир да министрдин «жоопкерчилигин карадык» деп айта албай жатасыз. Бирок коомчулукта үч-төрт министриңизге сын айтылып жатат. Алар болсо корголуп жүрөт».
Абылгазиев болсо ушуга чейин ишиндеги кемчиликтери үчүн алты министр, 13 жетекчи, 13 аким кызматынан бошотулгунан билдирди.
Жогорку Кеңеш 24-апрелдеги жыйынында өкмөттүн отчётун гана карады. Убакыт жетишпей калгандыктан отчётту талкулоо 25-апрелде да уланмай болду.
Өкмөт башчы эми 2019-жылы ИДӨнүн 4%, же 595,9 млрд. сомго өсүшүн камсыз кыла турганын, экспортту 2 млрд. долларга, тышкы соода жүгүртүүнү 7,2 млрд. долларга чейин чыгарууга убада берип жатат.
Президент Сооронбай Жээнбеков 11-апрелде парламенттин жалпы жыйынында сөз сүйлөп, өкмөт жакшы эле иштеп жатканын айткан. Абылгазиев башында турган аткаруу бийиги 2018-жылдын апрель айынан бери иштеп баштаган.