Аксы районундагы Мундуз айылында Кыргызстандын бир да телеканалы тартпайт. Бул аймакта Өзбекстандын ондогон телеканалдары көрсөтөт. Жергиликтүү элдин балдары коңшу өлкөнүн телеканалдарын көп көргөндүктөн башка тилде сүйлөп, алтургай өлкө президенти Ислам Каримов деп таанышат.