Бишкекте өткөн беттеште кыргыз футболчулары Эдгард Бернхардт хет-трик жасаса, Алимардон Шүкүров атандаш дарбазасына эки гол, Гүлжигит Алыкулов менен Валерий Кичин бирден гол киргизишти. Кыргызстан менен Мьянманын курама командаларынын оюнун көрүш үчүн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго 13 миң көрүүчү келген.
«Ак шумкарлар» күткөн жеңиш
Кыргыз фуболчулары Мьянманын курама командасын 7:0 эсеби менен утуп, тандоо оюндарында алгачкы үч упайга ээ болушту.

21
2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычында Кыргызстан F тайпасына туш болуп, Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен ойноп жатат.

22

23
2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайда өтө турган Азия кубогуна тандоо оюндарында Азия чөлкөмүнүн 40 командасы сегиз тайпага бөлүнүп ойноп жатат. Тандоо оюндарынын 2-баскычы 5-сентябрда башталып, 2020-жылдын 9-июнуна чейин уланат.