Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:21

Шайлоочулардын санындагы оош-кыйыш


Кыргызстандагы шайлоолордун бири. Ош шаарындагы добушкана. Архивдик сүрөт.
Кыргызстандагы шайлоолордун бири. Ош шаарындагы добушкана. Архивдик сүрөт.

Мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоого байланыштуу шайлоочулардын тизмеси толук такталды. Натыйжада добуш берүүчүлөрдүн саны соңку парламенттик шайлоого караганда 40 миң адамга көбөйдү. Жалпы саны 3,5 миллиондон ашты.

Бирок ошол эле учурда адистер биометриканын жоктугунан жана №2 форма жоюлгандыктан 750 миңден ашык адам шайлоого катышпай каларын эскертти.

Тизменин соңку баяны

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоочулардын соңку тизмесин 2-январга карата толук чыгарып, добушканаларга жана tizme.gov.kg сайтына жайгаштырды. Демек жаңыланган сан 3 563 574 болду.

Мыйзамга ылайык, бюллетендер добуш берүүчүлөрдүн санынан 0,1% көбүрөөк басылышы керек. Бул тиешелүү кагаз керектен чыгып калган же бузулуп калган учурлар үчүн эске алынган. Башкача айтканда, бул шайлоого 3 564 бюллетень кошумча чыгарылды.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бул жөнүндө мындайча маалымат берди:

Нуржан Шайлдабекова.
Нуржан Шайлдабекова.

«Бюллетендердин саны так ушул соңку тизмеге ылайык чыгарылды. Президентти шайлоо үчүн өзүнчө ак түстө, референдум үчүн өзүнчө көгүш түстө чыгарылды. Ошондо ар бир добуш бериш үчүн өз-өзүнчө 3 567 138ден бюллетень басылды».

Кеп болуп жаткан сайттагы талдоо көрсөткөндөй, шайлоочулардын ичинен аялдар – 1 860 477 (52,21%), эркектер – 1 703 097 (47,79%).

Акыркы эсептөөгө ылайык, шайлоочулардын саны 2020-жылдын 4-октябрында болгон парламенттик шайлоого салыштырганда 40 020 адамга, 2017-жылкы президентти шайлоого караганда 537 804 адамга, 2015-жылы Жогорку Кеңешке болгон шайлоого салыштырмалуу 802 277 адамга көбөйдү.

БШК шайлоочулардын көбөйүшүн калктын арбыганына, биометрикалык маалыматтарды жыйноо боюнча туруктуу иштер жүргөнүнө жана башка факторлорго байланыштырып жатат. Бирок ошентсе да биометрикасын тапшырбаган жана ага негизделген паспортторду ала элек жарандардын шайлоого катышуусу дагы эле мүмкүн эмес.

Шайлоого жана референдумга карата даярдыкка байкоо жүргүзүп жаткан «Жалпы иш» коомдук фонду бул жолу 750 миңдей адам добуш бере албай каларын эскертти. Фонддун башкаруучулар кеңешинин төрайымы Аида Сүйүндүева Бишкектеги басма сөз жыйынында буларга токтолду:

Аида Сүйүндүева.
Аида Сүйүндүева.

«Шайлоо республика үчүн аябай оор мезгилде өтүп жатат. Тагыраагы саясий-экономикалык кризистин жана пандемиянын фонунда, өтө кыска убакытта өтүп жатат. Бул жагдай жалпы контекстти түшүнүш үчүн маанилүү. Тилекке каршы, бул шайлоого өтө көп шайлоочулар катышпай калып жатканын айтып коюшубуз керек. Жыйынтыгы жокко чыгарылган 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоодон кийин мыйзам чыгаруучулар №2 формасын жокко чыгарышкан. Аны менен ички мигранттардын добуш берүүгө катышуу мүмкүнчүлүгүн жоюп салышкан. Биздин эсепте, бул ыкма алынып салынгандан улам 300 миңдей шайлоочу добуш берүүгө катышпайт. Буга дагы биометрикалык маалыматы жоктугунан улам шайлоого укугу жок 450 миңдей адамды кошсо болот. Бул өтө чоң сан жана ал ушул шайлоодон кийин ички мигранттар добуш бере ала тургандай чечимдерди тез арада табуунун зарылдыгын эскертип турат. Балким жаңы механизмдерди табыш керек, балким №2 форманы кайтарып, талаптарды күчөтүш керек чыгар, кыскасы жол табыш керек».

№2 форма - арыздын үлгүсү. Шайлоочу анын негизинде каттоосу жок, бирок өзү жашаган аймактагы шайлоо тилкесине кайрылып, тизмеге кирет. Шайлоо күнү ошол жерден добуш берет. Бул механизм Кыргызстанда мурдатан эле колдонулуп келген.

Өткөн парламенттик шайлоодо бул ыкма менен 500 миңдей адам добушканаларын алмаштырып, шайлоого катышкан. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон топтор мына ушул жагдай жалпы добуш берүүнүн жүрүшүн өзгөртүп, добушту акча менен сатып алууга негиз болгонун айтып чыгышкан. Натыйжада митингдер массалык башаламандыкка айланып, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыккан. Өлкөдө бийлик алмашкан.

Кийин бир нече депутат шайлоо босогосун, күрөөнү азайтуу жана №2 форма менен добуш берүү ыкмасын жокко чыгаруу боюнча мыйзам сунуш кылып, ал Жогорку Кеңеште кабыл алынган.

«Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу бул мыйзамга 11-ноябрда, ошол учурда президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон. Ал өзү кийин президенттик шайлоого аттанган.

Катышуу жана өттү деп эсептелүү

БШКнын сайтында жазылгандай, 2015-жылкы парламенттик шайлоодо 59,03 %, 2017-жылкы президенттик шайлоодо 56,32%, 2020-жылкы парламенттик шайлоодо 56,5% шайлоочу добуш берүүгө катышкан.

Адатта тизмедегилер менен добуш бергендердин катышын чыгаруу жөн гана шайлоонун жагдайын билиш үчүн гана колдонулат. Башкача айтканда «мынча келсе шайлоо өттү деп эсептелет», «мынча келсе шайлоо өттү деп эсептелбейт» деген чектөө жок. Миллион шайлоочу келсе да, миң шайлоочу келсе да жараян жыйынтыкталып, болгон добуш талапкерлерге бөлүштүрүлүп берилет. Бирок референдумга чек бар.

БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов бул жөнүндө мындайча маалымат берди:

Абдыжапар Бекматов.
Абдыжапар Бекматов.

«Шайлоолордо сөзсүз мынча катышуусу керек деген маселе жок. Демек, бул президенттик шайлоодо да добуш берүүчүлөрдүн төмөнкү чеги коюлбайт. Канча эл келген болсо, ошол келгендердин жарымынан көбүнүн добушун алган киши шайлоону утту деп эсептелет. Эгер эч ким шайлоого катышкан шайлоочулардын жарымынан көбүнүн добушун албай калса, анда көбүрөөк добуш алган эки талапкердин ортосунда шайлоонун экинчи туру дайындалат. Ал эми референдумда жалпы шайлоочулардын 30% добуш берүүгө келсе референдум өттү деп эсептелет. Чечим кабыл алыш үчүн ошол келгендердин жарымынан көбүн алган позиция жеңүүчү деп эсептелет. Же муну «50+1» деп да түшүндүрсө болот».

Мурдатан адистер белгилеп келгендей, дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да референдумдарга катышуунун пайыздык көрсөткүчү өтө төмөн болуп калат. Ошол себептүү бийлик көпчүлүк мезгилде жалпы элдик добуш берүүнү кайсы бир шайлоо менен кошо өткөрүп келет.

Конституцияга байланыштуу 2010-жылкы референдум президенттик шайлоо менен, 2016-жылкы референдум жергиликтүү кеңештерди шайлоо менен кошо уюштурулган. «Президенттик» жана «парламенттик» башкаруу багыттарын тандаган быйылкы референдум да президенттик шайлоого менен бир күнгө белгиленип отурат.

Коомдук ишмер Мамбетжунус Абылов жагдайга мындайча баа берди:

Мамбетжунус Абылов.
Мамбетжунус Абылов.

«Кийинки жылдары дүйнөдө шайлоолорго эл абдан аз катышкан тенденция башталган. Ошондуктан көпчүлүк цивилизациялуу мамлекеттерде жалпы шайлоочулардын 50% эмес, добуш берүүгө катышкандардын 50% алган талапкер өтсүн деген нормаларды киргизишкен. Бирок мыйзамдуу жана легитимдүү деген түшүнүк бар. Бул деген аз эле шайлоочу катышып калса, анын жарымынан көбүн алган киши утат, бирок ошо аз катышып калганы үчүн анын легитимдүүлүгүнө шек кетет. Себеби көп шайлоочу катыша албай калды же атайылап катышпай койду деп эсептелет. Бирок менин оюмча октябрдагы шайлоолор жокко чыккандыктан жана азыркы саясий атаандашуудан улам шайлоого көп эле адам келет деп ойлойм. Анын үстүнө азыркы бийлик деле мурдагы бийлик өкүлдөрү колдонгон ыкмалар, автобус менен ташып келүү, мамкызматкерлерди мажбурлоо аркылуу да шайлоочулардын көп катышуусун камсыз кылууга кызыкчылыгы бар жана ошону кылат. Административдик ресурс колдонулуп жатканын, мугалимдер менен дарыгерлерге милдет жүктөлүп жатканын азыртан эле көрүп жатабыз. Бийлик эски оорусу менен «ооруп» калды. Бул жакшы эмес жана арты баары бир жакшылыкка алып келбейт».

Бирок административдик ресурс боюнча бийликтин позициясы башкача. 2020-жылдын 30-декабрында «Азаттык» менен маектешип жатып, өкмөттүк аппараттын жетекчиси Бактыбек Аманбаев бул жолку президенттик шайлоо мурдагы шайлоолорго салыштырганда таза өтүп жатканын билдирген.

Ал нааразылык билдирип жаткан талапкерлер өзүнө саясий упай топтоого аракет кылып жатышы мүмкүн экенин белгилеп, кемчиликтер боюнча чара көрүш үчүн алар конкреттүү фактыларды келтириши зарыл экенин айткан.

Бакыт Аманбаев.
Бакыт Аманбаев.

«Алардын айтканы жөн калбайт. Бирок алар конкреттүү факт менен кайрылса сөзсүз чара көрүлөт. Ар бир талапкердин ички дүйнөсүнө, ниетине жараша болот. Алар ошондой сөздөрдү айтуу менен кандайдыр бир саясий упай топтогонго аракет кылып жаткандыр. Буга чейинки шайлоолорго салыштырганда азыркы шайлоо абдан таза өтүп жатат. Добуш сатып алуу, административдик ресурс колдонуу деген жок. Дарыгерлерди, мугалимдерди зордоп добуш бердирүү жок. Баарына бирдей шарт түзүлүп берилди. Бул абдан чоң мүмкүнчүлүк. Тилекке каршы, ушундай мүмкүнчүлүктөн пайдалануунун ордуна жеке асылууга жол берилип, туура эмес сын айтууга өтүп алышты», - деген Аманбаев.

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруу формасын тандоо боюнча референдум 10-январда өтөт. Үгүт өнөктүгү 15-декабрда башталган, ал 9-январга чейин уланат. Президенттик жарышка 18 талапкер чыккан, анын бири оюндан чыгып кетти.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG