Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:08

Конституциялык кеңешменин жыйыны өттү

20-ноябрда Бишкекте Баш мыйзамдын долбоору боюнча түзүлгөн Конституциялык кеңешменин алгачкы жыйыны өттү. Ага кеңешмеге мүчө болгон сексенден ашык киши катышууда.

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 20-ноябрда конституциялык кеңешме түзүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Конституциянын долбоору коомдук талкууга чыгарылып жаткандыгына байланыштуу Мамытов кыргызстандыктарга кайрылып, Баш мыйзамдын долбоорунда бардык тараптардын пикирлери эске алынарын, документтин ар бир пункту коомчулукту тартуу менен караларын, бул үчүн бардык зарыл шарттар түзүлөрүн айтты.

Кеңешменин курамына илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, укук таануучулар, депутаттар, эксперттер жана башкалар киргени маалым болду.

Ушул эле күнү түшкө чейин Бишкекте Конституциянын сунушталган жаңы долбоору боюнча «Жарандар бийликтин узурпациясына каршы!» деген жарандык коомдун чукул жыйыны өткөрдү.

11:43 20.11.2020

Феликс Кулов: Бул Баш мыйзамды кароо жана кабыл алуу акылга сыйбайт. Бул Конституция өтө турган болсо, эл кабыл алат. Анткени булар популизмге барып атат. Эл бир кожоюн болушун каалап атат. Бирок эске сала кетейин. Буга чейин парламент болгону менен президент эле башкарып келбеди беле. Садыр Жапаровго айтуу керек, бул лакмус кагазы анын саясий жактан жетилгени үчүн сыноо. Эгер бул Конституция өтө турган болсо эмки жылы күздө октябрдагыдан жаман окуялар болот. Эмнеге? Азыр экономика жарга келди. Мындай кыргыз тарыхында такыр болгон эмес. Оору күчөп атат. Мигранттар кайтып келип жатат. Булар болсо куру убадаларды берип атат. Алар аткарылбаса эл Садыр Жапаровду кууп чыгары турган иш.

11:47 20.11.2020

Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышы реформалардын демилгечиси өзү болуп, конституциялык реформаны кеңири коомдук дискуссия аркылуу жүргүзсө элдин колдоосуна татымак. Мындай пикирин 20-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан жарандык коомдун «Жарандар бийликтин узурпациясына каршы!» деген чукул жыйынында сүйлөп жатып Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев билдирди.

Ал парламенттин алтынчы чакырылышынын мөөнөтү узарганы саясий кризис учурунда мыйзамдаштыруучу жалгыз орган катары керек болгону менен шартталганын айтты.

Конституциянын жаңы долбоорун референдумга алып чыгуунун демилгечиси катары парламент сынга кабылып жатышына өкмөттүн, парламенттин, мамлекеттин жетекчилери себепкер экенин айтып, “Ушул парламент стабилизатор жана легитимизатор болуп жатса анын авторитетин сакташ керек эле. Пайдаланып туруп, тарыхтын таштандысына ыргытып жибергидей кылбаш керек эле”, - деди.

“Мындай парламент биздин тарыхта болбоптур. Мүмкүн болгон оош-кыйыштардын баары ушул парламенттин тушунда өтүп, булардын көзү ачыла тургандай болуптур. 2016-жылы Атамбаев референдум жолу менен жеке бийлигин бекемдеп, узурпация кылганын көрүштү, катышты, колдошту. Репрессия жолу менен жеке бийлигин күчөткөнүн көрүштү, унчукпай карап турушту. Жээнбеков 2020-жылкы шайлоодо алдап, сатып алуу жолу менен парламентке ээлик кылып, жеке бийликти бекемдегенге аракет кылды. Жыйынтыгы эмнеге алып келгенин көрдү так ушул парламент. Акылына кирет десе, кечээ Жапаров президент болуп турганда, өлкөнүн тагдырын радикалдуу өзгөртө турган мыйзамга көрбөй туруп кол коюп, референдум жарыялайбыз деп үчүнчү жолу жасап жатат. Калган авторитетин жана саясий легитимдүүлүгүн нөлгө түшүрдү”.

Жогорку Кеңештин 80 депутатынын колу менен 17-ноябрда талкууга чыгарылган жаңы долбоорго ылайык, Кыргызстанда президенттин укуктары кеңейет, мамлекет башчы аткаруу бийлигин толук көзөмөлгө алат. Мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилет. Парламент депутаттарынын саны 90го чейин кыскартылат. Долбоордун өзүнүн автору тууралуу так маалымат таратыла элек.

11:51 20.11.2020

Равшан Жээнбеков: Мен жакында бул долбоордон баш тартышат деп ойлойм. Анткени коомдо, эл аралык коомчулуктун нааразылыгы жаралып жатат. Эгер Конституциянын бул долбоору өтсө алты айга жетпей, кайрадан революция болушу мүмкүн. Жаңы келген лидерлер мамлекетти артка эмес, алдыга түртүүгө аракет кылышыбыз керек. Жаңы Баш мыйзам долбоорунда "президент эч нерсеге жооп бербейт, бирок анын колунда эбегейсиз бийлик болот" деп жазылып турат.

11:53 20.11.2020

Кеңешбек Дүйшөбаев: Жаңы Баш мыйзам долбоору элге зомбулук менен таңууланып жатат. Эгер аны ынтымак менен токтотпосок, келечек муундар, тарых бизди кечирбейт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG