Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:22

Конституциялык кеңешменин жыйыны өттү

20-ноябрда Бишкекте Баш мыйзамдын долбоору боюнча түзүлгөн Конституциялык кеңешменин алгачкы жыйыны өттү. Ага кеңешмеге мүчө болгон сексенден ашык киши катышууда.

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 20-ноябрда конституциялык кеңешме түзүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Конституциянын долбоору коомдук талкууга чыгарылып жаткандыгына байланыштуу Мамытов кыргызстандыктарга кайрылып, Баш мыйзамдын долбоорунда бардык тараптардын пикирлери эске алынарын, документтин ар бир пункту коомчулукту тартуу менен караларын, бул үчүн бардык зарыл шарттар түзүлөрүн айтты.

Кеңешменин курамына илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, укук таануучулар, депутаттар, эксперттер жана башкалар киргени маалым болду.

Ушул эле күнү түшкө чейин Бишкекте Конституциянын сунушталган жаңы долбоору боюнча «Жарандар бийликтин узурпациясына каршы!» деген жарандык коомдун чукул жыйыны өткөрдү.

15:50 20.11.2020

20-ноябрда Бишкекте Баш мыйзамдын долбоору боюнча түзүлгөн Конституциялык кеңешменин алгачкы жыйыны өттү. Ага кеңешмеге мүчө болгон сексенден ашык киши катышууда. Юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев аталган кеңешмеге төрагалык кылууда. Ал алгачкы отурумда кеңешменин иштөө тартиби, регламант жана башка чарбалык иштер боюнча эрежелерди айтып берүүдө. Ошондой эле кеңешмеде топ-топ болуп иштөөнү сунуштап жатат. Жыйында айрымдар башка Баш мыйзамдын долбоору бар экенин айтышты. Бөрүбашев бул кеңешме Жогорку Кеңештин сайтында жарыяланган Баш мыйзамдын долбоору боюнча иштөөгө укуктуу экенин айтты.

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 20-ноябрда конституциялык кеңешме түзүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Конституциянын долбоору коомдук талкууга чыгарылып жаткандыгына байланыштуу Мамытов кыргызстандыктарга кайрылып, Баш мыйзамдын долбоорунда бардык тараптардын пикирлери эске алынарын, документтин ар бир пункту коомчулукту тартуу менен караларын, бул үчүн бардык зарыл шарттар түзүлөрүн айтты.

Ошону менен катар Мамытов кеңешме Конституциянын долбоорун ар тараптуу талкуулоо жана бирдиктүү пикирге келиш үчүн түзүлгөнүн билдирди.

Кеңешменин курамына илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, укук таануучулар, депутаттар, эксперттер жана башкалар киргени маалым болду.

14:56 20.11.2020

Турсунбек Акун: Президент аткаруу бийлигинин башында турса бир дагы парламент кетире албайт. Улам-улам президент алмашпайт.

14:20 20.11.2020

Конституциялык кеңешменин жыйыны

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 20-ноябрда конституциялык кеңешме түзүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Конституциянын долбоору коомдук талкууга чыгарылып жаткандыгына байланыштуу Мамытов кыргызстандыктарга кайрылып, Баш мыйзамдын долбоорунда бардык тараптардын пикирлери эске алынарын, документтин ар бир пункту коомчулукту тартуу менен караларын, бул үчүн бардык зарыл шарттар түзүлөрүн айтты.

Ошону менен катар Мамытов кеңешме Конституциянын долбоорун ар тараптуу талкуулоо жана бирдиктүү пикирге келүү үчүн түзүлгөнүн билдирди.

Кеңешменин курамына илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, укук таануучулар, депутаттар, эксперттер жана башкалар киргени маалым болду.

Жогорку Кеңештин 80 депутатынын колу менен 17-ноябрда талкууга чыгарылган жаңы долбоорго ылайык, Кыргызстанда президенттин укуктары кеңейет, мамлекет башчы аткаруу бийлигин толук көзөмөлгө алат. Мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилет. Парламент депутаттарынын саны 90го чейин кыскартылат. Долбоордун өзүнүн автору тууралуу так маалымат таратыла элек.

13:41 20.11.2020

Сания Токтогазиева: Конституциялык реформа абсолюттук түрдө мыйзамсыз. Азыр иштеп жаткан парламенттин 6-чакырылышы мыйзамсыз иштеп жатат. Бул чакырылыштын конституциялык реформа кылууга толугу менен акысы жок. Азыркы Баш мыйзамдын жаңы долбоору элге жасалма таңууланып жатат. Биз долбоордун авторлору ким экенин да билбейбиз. Бул долбоордо демократиялык принциптерге дал келбеген, авторитаризмди бекемдөөгө гана жол ачкан беренелер бар экен. Парламент азыр бийлик вакууму болбошу үчүн гана иштеп жатат. Мындай учурда алардын маанилүү мыйзамдарды кабыл алууга акысы жок. Конституциялык палата мыйзамдык вазийпасын аткарып, Венеция комиссиясын угушу керек. Аны кылгандан кийин парламенттик шайлоо өтүшү зарыл. Конституциялык реформаны жаңы шайланып келген парламенттин 7-чакырылышы гана өткөрүүгө тийиш. Ошондо гана мыйзамдуу болот.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG