Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:29

Конституциялык кеңешменин жыйыны өттү

20-ноябрда Бишкекте Баш мыйзамдын долбоору боюнча түзүлгөн Конституциялык кеңешменин алгачкы жыйыны өттү. Ага кеңешмеге мүчө болгон сексенден ашык киши катышууда.

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 20-ноябрда конституциялык кеңешме түзүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Конституциянын долбоору коомдук талкууга чыгарылып жаткандыгына байланыштуу Мамытов кыргызстандыктарга кайрылып, Баш мыйзамдын долбоорунда бардык тараптардын пикирлери эске алынарын, документтин ар бир пункту коомчулукту тартуу менен караларын, бул үчүн бардык зарыл шарттар түзүлөрүн айтты.

Кеңешменин курамына илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, укук таануучулар, депутаттар, эксперттер жана башкалар киргени маалым болду.

Ушул эле күнү түшкө чейин Бишкекте Конституциянын сунушталган жаңы долбоору боюнча «Жарандар бийликтин узурпациясына каршы!» деген жарандык коомдун чукул жыйыны өткөрдү.

12:09 20.11.2020

Улан Үсөйүн: 5-октябрда биз митингге башка максат менен чыктык эле. Аны бурмалап, уурдап алышты. Жекшембиде Баш мыйзамдын жаңы долбооруна каршы жаштардын тынчтык маршы өтөт. Эч бир саясий топко, уюмдарга сөз берилбейт. Ураандар гана айтылат.

12:06 20.11.2020

Элдар Абакиров: Кыргызстанга бажы, күч органдарындагы жана сот реформасы керек экенин айткым келет. Диктаторлук бийлик болгон жерде эркин экономиканын жолу буулат. Эркин экономиканын арты менен азыр чакан бизнес иштеп жатат. Диктаторго эркиндик берсек, экономикалык эркиндик токтойт, жумушсуздук күчөйт.

12:03 20.11.2020

Наталья Никитенко: Бүгүн бийлик монополияга, узурпацияга бет алды. Бүгүн Жапаров "эл президенттик башкарууну каалап атат" деп жатат. Бирок ал элдин баарынын оюн сурадыбы? Албетте, мен эл арасындагы парламентке таарынычты түшүнөм. Бирок октябрда эл митингге ошону талап кылып чыккан эмес да. Эл парламентаризмди сактап калууга, шайлоонун жыйынтыгына каршы чыкпады беле. Жаман башталыш сөзсүз жаман бүтөт. Азыр Бакиевдин юристтери, кадрлары иштеп жатканы билинип калды. Азыркы бийликке Бакиевдин режими кантип бүткөнүн эстеп койгула деп айткым келет.

11:53 20.11.2020

Кеңешбек Дүйшөбаев: Жаңы Баш мыйзам долбоору элге зомбулук менен таңууланып жатат. Эгер аны ынтымак менен токтотпосок, келечек муундар, тарых бизди кечирбейт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG