Коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген өзгөчө кырдаал шартында Орозо айт намазы салт болуп калгандай аянттарда жана мечиттерде окулган жок. Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев мусулмандарды Орозо айт күнү үйдөн чыкпай, үй-бүлө менен майрамдоого чакырды.
Карантин шартындагы Орозо айт
24-май - Кыргызстанда Орозо айт майрамы. Жыл сайын бул күнү айт намазы аянттарда, мечиттерде окулуп келген.