Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:32

Зомбулуктун дагы бир курмандыгы каза тапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте чогуу жашаган адамы тарабынан барымтага алынып, бычак жеген аял ооруканадан үзүлдү. Бул окуя үй-бүлө зомбулугу кызуу талкууга алынып, ага карата чараны күчөтүү маселеси көтөрүлүп жаткан учурга туш келди.

Чогуу жашаган таанышы барымтага алып, андан соң бычак шилтеген аял Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда 18-июнда кечке жуук каза болду.

Аталган оорукананын башкы дарыгери Алмазбек Кубатбеков 28 жаштагы жабырлануучу кансырап калганда келгенин билдирди:

Алмазбек Кубатбеков.
Алмазбек Кубатбеков.

"Ал аял келери менен жасалма дем алдыруучу аппаратка жаткырылган. Абалы аябай оор болчу. Бычак үч жерине тийген экен. Ошол эле күнү тез арада операция жасалды. Дарыгерлердин аны сактап калуу аракетине карабай эсине келген жок".

17-июнда Бишкектин Дэн Сяопин көчөсүндө белгисиз адам кызганычтан улам жарандык никедеги аялын барымтага алып, бычак шилтеп, эч кимди жанына жолотпой койгон.

Аягында милиция келип, жараат алган аялды куткарган. Бычак жеген жабырлануучу ошол замат ооруканага жеткирилген. Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматкери Бактыгүл Акматалиева буларды билдирди:

"Окуя болгон учурда барган милиция кызматкерлеринин ал адам менен сүйлөшүүсүнөн майнап чыккан эмес. Кармалган 36 жаштагы киши Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына камалган. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, экспертиза дайындалды".

Кыргыз парламентинде, өкмөттө үй-бүлөдөгү зомбулукту азайтуу чаралары кызуу талкууга алынып, ага карата жазаны күчөтүү талабы коюлуп жаткан маалда ушинтип дагы бир аял зомбулуктан ажал тапты.

Бул окуя 18-июнда парламентте “Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда да көтөрүлдү.

Мыйзам долбоору жабырлануучу тосмо арыз жазганына карабай, зомбулук көрсөткөн кишини жазага тартууга багытталган.

Депутат Элвира Сурабалдиеванын пикиринде, эл алдында жараат алып, аркы дүйнөгө узаган аялдын кейиштүү тагдыры зомбулукка кабылган адамдар коргоого муктаж экенин көрсөттү деген пикирде:

Элвира Сурабалдиева.
Элвира Сурабалдиева.

"Мына кечээ болгон окуя биздин коомдо зомбулук көнүмүш адатка айланып калганынан кабар берип жатат. Абалдын өзгөрүшү үчүн силердин да жакыныңар зомбулукка кабылышы керекпи? Мага күн алыс аялдар жардам сурап жазат. Алар коркконун айтышат. Сузакта таяк жеген аялдын тосмо арыз жазып, "күйөөм жакшы" дегенинин себеби эмнеде? Күйөөсү жазасын алса, анын туугандары “түбүмө жетет” деп коркуп жатат. Кыргыздын аялдары 20-30 жыл кордукка чыдап, акыр-аягы майып болот же өлүп тынат. Мунун баарын токтотуш керек".

Ушул тапта Сузак районунда аялдын моюнуна таш салынган дөңгөлөк илип, башынан ылдый чака менен суу куюп, жаакка койгулап жаткан эркектин видеосу коомчулукта катуу сындалып жатат.

19-июнда Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн Тергөө кызматы аялга кордук көрсөтүү боюнча чуулгандуу фактыны иликтөө ишин аяктап, материалдарды сотко өткөрүп бергени маалым болду. Ага чейин күйөөсү кордогон аял тосмо арыз жазганы ачыкка чыккан.

Укук коргоочу, “Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова зомбулук кылгандардын жазасыз калышы мындай аянычтуу учурлардын кайталанышын шарттап жатканын айтты:

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

"Бул жалпы коомдун көйгөйү. Аялдардын укугу, үй-бүлө зомбулугуна каршы чыккандарды милиция кармап, сот соттоп салды. Аларды кодулап, басым көрсөткөндөр жазасыз калды. Демек, бул да ачык айтылбаганы менен кыргыз бийлиги зордук зомбулукту колдоду деген ишара. Ошол эле кезде жергиликтүү бийликтин ушундай учурларда милдети, жоопкерчилиги чоң. Мына биз бир канча күндөн бери Сузактагы окуяны көрүп, үрөйүбүз учты. Ал эми аялдын абалы азыр кандай? Ага дароо жергиликтүү бийлик тарабынан жардам көрсөтүлүшү керек эле да".

Ал ортодо Кыргызстанда социалдык тармактарда белгилүү адамдар үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы жана аялдардын укугун коргоо боюнча акция өткөрүп жатышат.

Алар социалдык тармактардагы өздөрүнүн баракчаларына зомбулукту токтотууга чакырган видеолорду #кечирБиздиАялзат #рахматАялзат хэштэги менен жүктөй баштады.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG