Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:53

Кайдасың, коррупция?


Бүгүн жарык көргөн гезиттердин айрымдары коррупция менен күрөштүн жагдайын баяндаган макалаларды басты.

“Азыркы оппозиция бийликти сынга алуу менен гана күн көргөн саясый соодагерлер, маселен Келдибеков алайлыктар жуттун кыйынчылыгын тартканда алардын маселелерин жеке өзү эле чечип бергенге кудурети жетмек. Бирок анткен жок. Азыркы оппозициянын доору бүттү” деп жазган саясый серепчи Валентин Богатыревдин айткандарын шилтеме кылды бүгүн жарык көргөн “Фабула” гезити.

Гезит андан ары жакында президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасын талкуулган коргоо кеңешинин жыйыны өткөнү жатканын кабарлап: “коррупцияга каршы күрөшүп жатабыз деген менен булардын деле колунан эч нерсе келбестигин Шадиев менен Пирматовдун мисалынан көрдүк окшойт” деп жазды.

Кыргызстанды сызга олтургузуп кеткен миллиардерлердин бири Александр Машкевич “Альфа Телекомду” сатып алганы жатканын, негизги максат компанияны арзандатылган баада кызыкдар адамдарга сатуу экендигин, алардын арасында Машкевич да болушу мүмкүндүгүн адвокат Икрамидин Айткулов айтты деп, бирок ушул эле гезит дагы бир кабарында “Альфа Телекомдун” 49 пайыз акциясын сатуу белгисиз мөөнөткө жылдырылганын, эми аукцион болор-болбосун парламент аныктарын маалымдады.

Белгилүү каскадер Эсен Жейренчиевдин бир тууган иниси Канат Жейренчиевдин маеги “Кудайбергенов менен агам Жейренчиевди Бакиевдер эле өлтүргөн” деген ат менен жарыяланды.

Журналист Айбек Шамшыкеевдин макаласы “Коркунучтуу криминалдуу топ кармалды” деп аталып, кармалган 7 бандит сүрөтү менен басылып чыкса, Кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын башчысы Калыбек Сатыбалдиевдин маеги “Бокушев менен Абакировдун криминалдык чөйрөдөгү таасири мурункудай эмес” деген ат менен тартууланды.

Окумуштуу Курманбек Абакировдун “Фабуланын” өткөн санынан бери жарык көрүп келаткан “Манаска” Чоң казат” аттуу макаласынын уландысы басылып, бүгүн шору көп “Манастын” айланасында Бүбү Мариям жана анын кампаниясы жалгыз эместигин, Манасты эрмектегиси келген “көзү ачыктар менен бакшылардын, шайдооттордун” армиясы барган сайын арбып, эпостун тамтыгын чыгаргысы келгендер каптап келатканын, ал эми “бизге баары бир” деген позицияны тутунган гезиттер менен радиотелеберүүлөр кыргыз элинин рухун талкалап жаткандарга чеп болуунун ордуна тескерисинче ыкчам кол кабыш кылып келатканын баса белгиледи.

“Алиби” гезити Канышай Мамыркулованын “Коррупционер көп, кылмышкер жок” деген макаласын басып, автор өкмөттүн кезектеги жыйынында “Кыргызстанда коррупциялык фактылар тууралуу билдирген жарандарды акчалай сыйлоо керек” деген сөздөр айтылганына токтолуп, буга чейин массалык маалымат каражаттарында өлкөнү талап-тоноп, ичип-жеп келген адамдардын аты-жөнү жазылып эле келе жатпайбы. Кана жыйынтыгы? Же коррупционер дегендер кылмышкер эмеспи?” деп суроо койду.

Журналист Болотбек Таштаналиевдин макаласы “Банк үкөкчөлөрүндөгү миллиондор” деген рубриканын алдында “Бакиевчилерди коргологон Хегай, Хегайды коргологон сот” деп аталып, Башкы прокурордун орунбасары Нурлан Жээналиев 2010-жылдын апрель окуяларынан кийин Убактылуу өкмөттүн буйругу менен “Бакай банк”, “Манас банк” жана “Азияуниверсалбанк” коммерциялык банктарынан алынган 21,5 млн. доллардын кимдерге таандык экенин ачык айтканын баяндады.

Автор макаласынын бир жеринде: “Арест салынган 66 миң 850 доллар 2010-жылдын май айында Марат Үсөнов менен Гүлнара Үсөновага кайтарылып берилгенин кандайча түшүнсөк болот? Бирөө мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновдун уулу, бирөө аялы. Ошентип мамлекетке зыян келтиргендердин акчаларын кайтарып берип салышканы эмне деген шумдук? Аты-заты белгилүү А. Хегай мырзага таандык 45 миң доллар, 30 миң 850 евро, жүз граммдан эки алтын куймасы кайдан алынган? Сот органдарынын бул мырзаны коргоп жатканы түшүнүксүз. Хегай бакиевчилерди коргосо, сот Хегайды коргосо, УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгы унчукпай, көрмөксөн-билмексен болуп олтурса жыргаган экенбиз! Коррупцияга каршы мындай тирукмуш “күрөш” Кыргызстанда гана болушу мүмкүн” деп жаны кашайып жазды.

Болотбек Таштаналиев “Мэрлерге, депутаттарга, сотторго, прокурорлорго мыйзам жокпу?” деген макаласында мыйзамды тебелеп-тепсеп туруп “Ата Түрк” паркынын аймагынан жер алгандардын аты-жөнүн, алардын канчадан жер тилкесин алгандардын тизмесин шардана кылды. Тизмеде кимдер гана жок!

Абды Биримкулов аттуу автордун “Байкоочу кеңешти ким “кол бала” кылгысы келет?” деген аталыштагы макаласы да окурмандарга тартууланды. Макалада КТРКнын байкоочулар кеңеши жөнүндө кеп болот.
XS
SM
MD
LG