Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:57

1916: Кара-Балта болуштугундагы 1910-11-жж. жер талаш


Казакстан Мамлекеттик архиви. Фонд № 44, иш кагаз № 43081; 7a-бет. Алматы. 21.05.2014.
Казакстан Мамлекеттик архиви. Фонд № 44, иш кагаз № 43081; 7a-бет. Алматы. 21.05.2014.

1916-жылкы Борбордук Азиядагы, анын ичинде Кыргызстандагы, улуттук боштондук кыймылдын өбөлгөлөрү бул жылдан кыйла мурда эле падышалык оторчул саясаттын натыйжасында калыптана берген.

Редактордун алгы сөзү.

“Азаттык” үналгысы Кыргызстандагы жана ага чектеш аймактардагы 1916-жылкы улуттук боштондук кыймылдын өбөлгөсү, жүрүшү, катышуучулары жана Улуу Үркүн менен байланыштуу Орусия падышалыгынын архивдик маалыматтарын жарыялоону улантат.

Тарыхчы Кыяс Молдокасымов бул жолу Кара-Балта болуштугунда орусиялык келгиндердин ээлеп алышынын айынан жергиликтүү кыргыздар өз жерлеринен ажырай баштаган доорго байланыштуу айрым архив материалдарын сунуштайт.

1916 – жылдагы улуттук боштондук күрөштүн башкы себеби оторчулук доордогу жер маселесине байланыштуу. XIX кылымдын экинчи жарымында Орусия падышачылыгы Түркстан чөлкөмүн куралдын күчү менен каратып алган соң, оторчулук саясатын ишке ашырууга киришкен.

Каратылган жерлерди башкаруу үчүн 1867-жылы Түркстан Генерал-губернаторлугу негизделип, ал облустарга, андан уездерге (үйөз) бөлүнгөн. Жаңыдан негизделген административдик бирдиктерди аскер чининдеги падышалык чиновниктер башкарып, жергиликтүү элдин өкүлдөрү башкаруу укугунан четтетилген.

1867-жылы Түркстан чөлкөмүн башкаруу үчүн атайын Жобо кабыл алынып, ал боюнча каратылып алынган жерлер Орусия империясынын менчиги деп табылат. Тактап айтканда кыргыздар өз ата бабалары жашап келген жерлерге болгон ээлик укугунан биротоло ажыратылган. Жерге толук кандуу кожоюн болгон соң соң жергиликтүү калк кылымдар бою мекендеп келген жерди падышалык акимчилдик каалагандай калчай баштаган.

Оторчулардын жерди тартып алуу аракеттери айрыкча кыргыз, казак жашаган Жети-Суу облусунда ыкчам жүргөн. Түпкүлүктүү калктын дыйканчылыкка ыңгайлуу эгин талааларын, кыштоолорун “артыкбаш жерге” чыгарышып, кыргыздарды тоо таянта сүрүп, бошотулган жерлерди Борбордук Орусиядан жана Сибирден жер которуп келген келгиндерге тартып берип жайгаштыра баштаган.

Архивдик булактарга көз чаптырсак, 1868-жылдан 1892-жылга чейин кыргыздар басымду жашаган Жети-Суу облусуна 4200 үй-бүлө көчүрүлүп, 100гө жакын орус-украин кыштагы түптөлгөн.

Кыргыздарды өз жерлеринен сүрүп чыгаруу аракети ХX кылымдын башында өзгөчө күчөгөнүн архивдик маалыматтар да ырастайт. Ал тууралуу Жети-Суу облусунда чыгуучу «Семиреченские областные ведомости» гезити 1912-жылы 9-декабрда сыймыктануу менен мындайча жазат: «Пишпек уездинин башчысы П.Н.Затинщиковдун Келгиндер башкармалыгынын кызматкерлери менен биргелешип иштегендигинин натыйжасында, Пишпек уездинде колониялаштыруу иштери эң мыкты жыйынтыктарды берди. Уездде келгиндерди орноштуруу үчүн жүздөй бөлүмдөр түзүлүп, бош жерлер арбын табылып, анын28ине (28 кыштагына – К.М.) орустар жайгаштырылды».

Орусиянын ар тарабынан өз алдынча көчүп келишкен келгиндер алгач кыргыз айылдарына жакын жайгашып, ар кандай мөөнөткө жерлерди ижарага (аренда) алып иштетип, отурук ала баштаган. Жерлерин өздөрү иштете албаган кыргыздар, өзгөчө болуштуктагы төбөлдөр жеке кызыкчылыгын көздөп жең ичинен жер саткан, жер тилкесин ижарага берген аракеттер Пржевальск, Пишпек уезддеринде көп болгондугун архивдик документтер ырастайт. Ошол эле учурда орус келгиндерине жер берүүдөн баш тартып, жалпы болуштуктун эли келгиндердин иш-аракетине каршы чечим кабыл алган учурлар да жок эмес.

Биз бүгүн сунуштап жаткан архивдик документтер Чүйдөгү Кара-Балта болуштугуна тийешелүү. Жаңыдан өз алдынча көчүп келген келгиндерге арендага жер бербейбиз деген кыргыздардын чечими 1911-жылы ар кыл пикирлерди жаратып, маселе Түркстан генерал-губернаторлугуна чейин көтөрүлгөн.

Бул документтерде “жакынкы жылдардын ичинде чөлкөмдө жер маселесине байланыштуу катуу кагылыш болоору” да эскертилген.

Анда сиздердин назарыңыздарга Пишпек үйөзүнүн Кара-Балта болуштугундагы жергиликтүү элдин келгиндерге ижарага жер бербейбиз деген чечими жана ага карата падышалык төбөлдөрдүн мамилеси чагылдырылган архивдик документти сунуштайбыз.

(Булак: Казакстан Мамлекеттик архиви; фонд № 44; иш кагаз № 43081).

XS
SM
MD
LG